Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

27-НОЯБРДАГЫ ТАРЫХ ОКУЯЛАРЫ


Синьцзян башкаруучусу Хун Лин 1827-жылдын 27-ноябрында кашгарлык кожо Жахангирдин кыргыздар арасында жүргөндүгүн билдирген жардык жарыялаган. Өзгөчө Сибирь корпусунун командири 1862-жылдын бу күнү Пишпектеги кокон чебининин толук талкалагандыгын билдирген.

Синьцзян башкаруучусу Хун Лин 1827-жылдын 27-ноябрында кашгарлык кожо Жахангирдин кыргыздар арасында жүргөндүгүн билдирген жардык жарыялады. Кашгарлык кожолор Чыгыш Түркстанда кытай бийлигинин орношуна каршы чыгып, ал кыймылдын башында Жахангир кожо турган. Жахангир кыргыздардын колдоосун алып, Кашгарды кытайлардан кайра кайтарууну көздөгөн. Жахангир кожо саяк урусунун башчысы Атантайга келип, аларды Кашгар багытында чапкынга чыгаруу аракетин жасаган.

Өзгөчө Сибирь корпусунун командири А.О.Дюгамель 1862-жылдын бу күнү Пишпектеги кокон чебининин толук талкалагандыгын билдирип, Аскер министри Д.А.Милютинге рапорт берди. Сибирь корпусунун командири орус аскерлери жасаган согуш операциясы жана чептин стратегиялык маанисин көрсөтүп, аны талкалоого жасалган аракетти төкпөй-чачпай кабарлаган. Мындан тышкаары, А. О. Дюгамель кокондуктар кайра кайтып Пишпек чебин калыбына келтирбейби деген суроого, так кесер мүмкүн эмес деп жооп берген. Анын себебин, ал чүйлүк кыргыздардын кокондуктарды жек көргөдүгү менен түшүндүргөн.

Кыргыз автономиялык областтык Аткаруу комитетинин III сессиясы 1925-жылдын 27-ноябрында соңуна чыкты. Аткаруу комитеттин иши үч күнгө уланып, анын жүрүшүндө автономиялык областтын администрациялык статусун өзгөртүү маселеси талкууланган. Аткаруу комитетте автономиялык бирдикти, Автономиялык Республика деңгээлине көтөрүү чечими чыгарылып, кийин кыргызстандык большевиктердин бүтүмү, ВЦИК Президиумунда жактырылган.

Кыргызстандын бир катар саясий партиялары менен Борбордук шайлоо комиссиясы биргелешип, 2004-жылдын бу күнү «Таза шайлоого» арналган «Айтегерек жыйын» өткөрүштү. Талкуу АКШ элчилиги менен Аймактык иликтөө институтунун колдоосу аркылуу уюштурулуп, анын ишине «Алга, Кыргызстан», «Менин өлкөм», «Ар-намыс» сыяктуу партиялар, Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 2005-жылдын бу күнү «Демократиялык күчтөр биримдиги» аттуу жаңы саясий партиянын уюштуруу курултайы өттү. Жаңы саясий биримдикке 5 миң чамалуу адам баш кошуп, курултайга өлкө аймагынан 580 делегат катышты.

Бу күнү, 1095-жылы Папа Урбан II биринчи крестүүлөр жортуулуна батасын берип, 1895-жылы Альфред Нобель эларалык сыйлыкты уюштуруу туурасында керээзге кол коюп, 1983-жылы Кореялык Боинг-747 Сахалинге туштай советтик учкучтар тарабынан атылып, 1701-жылы швед астроном жана физиги Андерс Цельсий, 1874-жылы Израилдин биринчи президенти Хаим Вайцман, 1903-жылы америкалык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ларс Онсагер, 1905-жылы кыргызстандык жазуучу Николай Чекменёв, 1908-жылы америкалык антрополог Уильям Хоуэлс, 1940-жылы киноактер Брюс Ли жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG