Ошентип, келе жаткан 2008-жылдын жазында Орусияда президентти шайлоо өтмөк болду. Өлкөнүн Баш мыйзам арибине ылайык андай күндү дайындачу өйдөкү палата биринчи күнү олтурум өткөрдү. Мурдагы 2004-жылкы мамлекеттин башчысын шайлоо 14-мартта өткөн. Ошол эсептен ала келгенде бул жолку шайлоо 9-мартта өтүшү керек эле, бирок сенаторлор ал мөөнөттөн бир апта бери жылдырып, убакыт бычышкан.
Мурда өткөрүлүүчү шайлоолордон айырма - бул жолу саясий партиялар өзүнүн гана жаатташтарынан талапкер көргөзө алат экен. Экинчиден - добуш бергени бекеттерге канча атуул келсе ошол эсеп туура деп таанылат экен. Үчүнчүдөн – демейде болуп келген «мен баарысына каршымын» сабы алынып ташталыптыр.
Биринчи күнү кабыл алынган чечимди федералдык кеңештин төрагасы Сергей Миронов жарыялап, анын ырасмий басылмада жарык көргөндөн тартып күчүнө кирерин эскентти:
- Орусия федерациясынын президентин тандоо боюнча шайлоосун өткөрүүчү компаниялардын жарышы чындап башталуучу күн - 28-ноябрь.
Орусияда жашы 35 тен ылдый эмес, өлкөдө бери дегенде он жыл такай жашаган атуул мамлекеттин башына шайлана алат. Ат салышка катышкан талапкер берилген добуштун жарымынан көбүн утуп алуу зарыл. Андай болбой, жыйынтык ит жыгылыш чыкса, анда аты алдыга озуп келишкен эки талапкерди кайра да бир ирээт жарышка салуу болот. Андай, экинчи айлампа үчүн ат салышуу БШК айтымына караганда, 21 күн тыныгуудан кийин өтөт.
Орусиялык БШК төрагасы Владимир Чуров айтканга караганда 2-мартта өткөнү жаткан мамлекеттин башчысын тандоого Путин катыша албайт. Бирок Владимир Путиндин шайлоого катышар-коёру ар кыл тартышты жаратууда, маселен Reuters жазганга караганда, «азыркы президент үчүнчү мөөнөткө шайланууга Баш мыйзам укук бербейт, ошол эле учурда анын жогорку орунду талашышы үчүн ат салышуусуна жол ачык».
Ушул аптанын этегинде өтчү Мамдуманы шайлоого Путин «Бирдиктүү Орусия» партиясынын тизмесин баштап барат. Анализчилер чөйрөсү менен саясатчылар болсо Путин азыр да март айында талапкер боло алат дешет. Эмне дегенде кызматтан кеткен президентке мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоого мыйзам укук бербейт экен, ал эми мартта кезектеги шайлоо өткөнгө байланыштуу ага катыша алат дешет.
Буга дейре мамлекеттеги биринчи орунду ээлөө дымакта ат салышам деп иргелгендер кыйла бар. Алар: Геннадий Зюганов, Григорий Явлинский, Владимир Жириновский, Борис Немцов, Михаил Касьянов, Гарри Каспаров, Виктор Геращенко, Владимир Буковский жана Николай Курьянович.