Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Ш.МЕДЕТБЕКОВ: ШАЙЛОО МЫЙЗАМДУУ ӨТӨРҮНӨ КӨЗҮБҮЗ ЖЕТПЕЙТ


БШКнын чечими менен шайлоо жараянынан четтетилген “Мекен” (Родина) партиясынын катарында парламенттик шайлоого бараткан Нарын облусунун мурдагы губернатору Шамшыбек Медетбеков таңкы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Шамшыбек мырза БШКсы сизди “Мекен” партиясынын тизмесинен паспорттук каттамда жок деген таризде каттоого албай коюшканын кандайча түшүнсөк болот?

- Муну менен БШКнын мүчөлөрү түз эле менин Конституциялык укугумду бузуп аткандыгын билдирет. Себеби ошол жерде мени сөз кылышып, баары эле билип, мурун Нарын облусунун губернатору болуп иштеген, депутат болгон, кантип эле ушул кишинин граждандыгы жок болсун деген суроону көтөрүшүп, ошол себептен партиябызды шайлоого киргизбей койгондугу бул чоң уят иш деп айтат элем. Шайлоо баштала элек жатып, биринчи жолу партиялык тизме менен өлкөбүздө жаңы шайлоо болуп атса, барыбыз ишенген БШКнын кылган иши бул болсо, кантип шайлоо мыйзам түрүндө аягына чыгарына биздин көзүбүз жетпей атат.

- Шамшыбек мырза, жеке эле сизди гана ушул каттоодон өткөрбөй коюштубу, же Кыргызстанда туруктуу жашап аткан бөлөк атуулдарды дагы тизмеден чыгарып салыштыбы?

- Биздин партия боюнча 100 кандидаттын ичинен 16 кандидатты жарандыгы жок деген мааниде алып салышкан. Ошонун ичинен тогузу кыргыз улуту, калгандары бөлөк улуттагы граждандар болуп эсептелет.

- Бул жерде кандайдыр бир саясий оюн жүрүп кеткен жокпу?

- Мен бул жерде ачык эле саясий оюнду көрүп турам. Себеби мени баш кылып тизмеден чыгарышты, мени таанышпаса бир жөн. Ошол жерде сөз кылышып анан шайлоого киргизбегени бул аябай уят иш. Көрүп билип туруп эле биздин адамдык граждандык укугубузду тебелеп атканы бул мыйзамсыз көрүнүштөн бөлөк эч нерсе айта албайм.

- Сиздин кийинки кадамыңыз кандай болмокчу?

- Мен Кыргыз Республикасынын атуулу катары өзүмдүн Конституциялык укугумдан пайдаланып менин абийириме шек келтиргени үчүн сот органдарына кайрылып, азыркы күндө адвокаттардан консультация алып атам. Эми бизди төбөбүздөн тебелеп атса жөн эле унчукпай калганыбыз, өзгөчө мен үчүн намыска сыйбайт. Ошондуктан мен өзүмдүн укугумду сот органдары аркылуу коргойм деген алдыма максат кылдым.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG