Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

ОШ ГУБЕРНАТОРУ ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ ИШИНЕН БОШОТУЛДУ


Бүгүн эле биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Искендер Айдаралиев Ош шаарында болуп, облустун жаңы губернатору Аалы Карашевди элге тааныштырды. Карашев буга чейин президенттик администрациянын бөлүм башчысы болуп иштеп келген. Мурдагы губернатор Жантөрө Сатыбалдиевге каржы полициясы кылмыш ишин козгогондугу үчүн кызматтан алынгандыгы айтылууда. Бирок Сатыбалдиевдин өзү “Азаттыкка” анын кызматтан алынышы саясатка, алдыдагы шайлоого байланыштуу экенин билдирди.

Экс-губернатор Жантөрө Сатыбалдиев козголгон кылмыш ишинде саясий өңүт жаткандыгын, буюрса, актыгын сотто далилдээрин, президенттин жардыгы шайлоонун шайтан оюндарынын биринчи куплети экендигин «Азаттыкка» маалымдады:

- Силер менен чогуу митингдерде жүрдүк. Оболу саясий стабилдүүлүккө алып келгенге аракет кылдык. Оштуктардын, деги эле кыргызстандыктардын алдында менин күнөөм жок. Эми бул шайлоонун шайтан оюндарынын биринчи куплети болсо керек.

Кыргыз Республикасынын каржы полициясынан билдиришкендей, Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, «Кант цемент-шифер комбинатына» караштуу 10 миллион сомдук курулуш материалдарын сатууга мыйзамсыз уруксат берген. Ошентип, облус башчысы кыргыз өкмөтүнүн «Республика калкын цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомун одоно түрдө бузган.

Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин кызматтан алынышын биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев мындайча түшүндүрдү:

- Бир саат мурун өзүм көрсөтмө алдым, президенттин жардыгын талкууга койбошубуз керек. Каржы полициясынын билдирүүсү бар. Сот деген бар. Ал маселенин процедурасы өзүнчө болуш керек. Эгерде президент каржы полициясынын билдирүүсү менен таанышып туруп, чара көрбөй койсо, анда да айтасыңар "качан бизде мындай талап болот" деп.

Жаңы дайындалган губернатор Аалы Карашев Жантөрө Сатыбалдиевге ич күйдүлүгү жоктугун, тескерисинче жердеш экендигин эске салып, бирок бүгүнкү дайындоону саясатка байланыштырбоону өтүндү:

- Мага көрсөтүлгөн чоң ишеничине мен ыраазычылык билдирем. Ушул чоң ишеничти актоо үчүн Ош элинин, жалпы кыргыз элинин жашоо деңгээлин, экономиканы көтөрүү үчүн болгон күчүмдү, билимимди жумшайм деп ойлойм. Силер менен чогуу ынтымакта, биримдикте Кудай буюрса иш алып барабыз деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG