Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

ПАРТИЯЛАР НААРАЗЫ


Борбордук шайлоо комиссиясына жүздөн ашуун саясий партиялардын жыйырма экиси шайлоого катышуу ниетин билдирген. БШК алардын 12син гана каттады. Бир партия – “Жаңы мезгил” өзү шайлоодон баш тартты. БШКнын элегинен өтпөй калган он бир партия нааразы болуп, алардын көбү БШКны сотко берип жатат.

БШК чечимин сотко берип жаткан «Мекен» (же “Адилет” министрлигинен каттоодон өткөн аты “Родина”) партиясы, айрым эксперттердин баамында, шайлоодо Кыргызстандын түштүгүнөн арбын добуш алышы ыктымал болчу. Бул партияны Борбордук шайлоо комиссиясы партия тизмесиндеги он алты талапкердин Кыргызстандын жараны экени күмөн деп, шайлоого коё берген жок. “Мекен” партиясынын жетекчиси Азам Акбаров Борбордук шайлоо комиссиясынын колунда далилдүү фактылар жок болчу деп, сотко камынып жатканын жарыя кылды.

- Албетте, биз айтып-айтып эле токтолуп калбайбыз. Борбордук шайлоо комиссия менен байланышып, чечимди колго алаар менен сотко кайрылабыз.

Алиги 16 талапкердин – Кыргызстандын жарандыгы жок делгендердин арасында мурдагы парламент депутаты, Нарын облусунун мурунку губернатору, оппозициялык «Аалам» гезитинин ээси Шамшыбек Медетбеков да бар, анын минтип бул тизмеде жүрүшүнө таңгалгандар көп. Экс-депутат Шамшыбек Медетбековдун өзү да укугун коргоп, сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

БШК мүчөсү Акылбек Сариев болсо чындыгында эле Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын баарына бирдей мамиле жасай албаганын, кайсы партияларга келгенде мыйзам бузууларга көз жумду мамиле жасалганын «Азаттыкка» берген маегинде ачык эле айтты.

- Бул жерде мөөрү басылбаган, жетекчиси эмес орунбасары кол койгон кичине кагаз. Болгону ушу 16 кишинин жарандыгы белгисиз, деген кагаз экен. Анын негизинде ошондой чечим кабыл алыш өтөле туура эмес. Берки “Акжолдуку” болсо паспорттук маалыматтары жазылбай калыптыр дегендей эле шылтоо менен бере койгон. Мынакей айырмалуу эки факт.

Шайлоодон четтетилген «Замандаш» партиясы да ушу тапта сотко арыз даярдап, чектелген укугун калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. Партиянын төрагасы Жума Абдуллаевдин ырасташынча, чечимге Кыргызстан менен чет жерде иштеп жүргөн «Замандаштын» тарапкерлеринин текши баары нааразы.

- Азырынча сотту эле күтүп жатабыз. Анан жанагы пикеттерди токтотуп жатабыз. Пикет болсо анын укуктук жагынан сотко таасири тийип калабы деп ойлойбуз. Укукчулар, адвокаттар иштеп жатышат. Арыз берилди, Ал качан каралары азырынча белгисиз. Убакыт, убактыбыз кетип жатат.

«Таза коом» партиясынын сотко берген арызы ушул мүнөттөрдө каралып жатат. Партиянын төрага орунбасары Табылды Акеров сот чечими чыкканча Борбордук шайлоо комиссиясынын бүтүмү тууралуу пикир айта албастыгын маалымдады.

- Азыр айтыш кыйын. Эмне деп айтышты да билбейбиз.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болсо Клара Ажыбекова баштаган коммунисттер партиясынын арызы каралууда. Борбордук шайлоо комиссиясы эки коммунисттик партиянын бирөөсүн калтырып, экинчисин каттабай койгон.

Шайлоодон четтетилген Кыргызстандын согуш ардагерлери менен жаштар партиясынын башында 2005-жылы 24-мартта аянтта токмок жеген генерал Абдыгул Чотбаев турат. Бул партия БШК чечимин сотко бере тургандыгын билдирүү менен чектелди.

XS
SM
MD
LG