Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

КЫРГЫЗСТАНДАН АМЕРИКАЛЫК АВИАБАЗАНЫ ЧЫГАРУУГА КИМ КЫЗЫКДАР?


27-ноябрда Бишкектеги райондор аралык сот Кыргызстандын аймагында Американын авиабазасын жайгаштыруу тууралуу келишимди өкмөт жокко чыгарсын деген доо арызды караган жок. Буга сотко өкмөт өкүлдөрүнүн келбей калгандыгы себеп болуп, доо арыз эми 5-декабрда каралмак болду.

Кыргызстан менен Американын ортосунда 2001-жылдын аягында түзүлгөн келишим жокко чыгарылсын деген арызды сотко Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы фонддун президенти Игорь Трофимов жолдоп, сотко жоопкер катары өлкө президентин да чакырууну соттон талап кылууга ниеттенген. Игорь Трофимовдун айтуусунда, бул талабы менен үч жолу митинг өткөрүп, премьер-министр Алмаз Атамбаевге кат жолдоп бийликтен расмий жооп ала албагандан кийин максатына сот аркылуу жетүүгө бел байлаган. Трофимовдун оюнда, ага төмөнкү жагдайлар түрткү берген:

- Келишимди сөзсүз түрдө жокко чыгаруу керек. Себеби, авиабаза биздин жерди булгап, өлкө аймагынын 4 пайызы жараксыз болуп калды. Ал жерлердин жараксыздыгын аныктоо үчүн өкмөт эч кандай текшерүү жүргүзгөн жери жок.

Трофимов өкмөттү авиабазанын айланасында эл аралык экологиялык экспертиза жүргүзүүгө мажбурлоону да максат кылган. Ал эми өзү айлана-чөйрөнүн булганып жаткандыгын далилдеген расмий же илимий маалыматтары жок болгону менен базанын жанында жашаган тургундардын оозеки арыздануулары ага толук негиз берет деген ишенимде. Өзү жетектеген фонд, “Америкалык авиабазаны өлкөдөн чыгаруу” аттуу кыймыл жана буларга тилектеш бир нече уюмдун экологиялык экспертиза жүргүзүлүп, келишим токтотулсун деген талаптарына Алмаз Атамбаев башында турган өкмөттүн көңүл бурбай жаткандыгынын башкы себеби деп Трофимов төмөнкү оюн жарыя кылды:

- Анын себеби-Атамбаевдин партиясында биздин коомдун Бакыт Бешимов, Эдил Байсалов сыяктуу Американы жактаган өкүлдөрү топтолгон. Алар АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган көп уюмдардан маяна алышат.

Игорь Трофимов “Миң жылдыктын чакырыктары” деген долбоордун алкагында Америкадан 16 миллион доллар алган кыргыз бийлик өкүлүнүн бири да арызга көңүл бурбайт деп кошумчалады.

Атамбаев жетектеген Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсалов Трофимовдун мындай дооматына эч негиз жок деп четке кагып, аны дүйнөдөгү улуу державалардын кызыкчылыктарын көздөгөн күчтөрдүн көкүтүүсү менен жасалып жаткан аракет деп баалап:

- Өткөн кылымдын 70-жылдарында болгон батыш менен СССРдин ортосундагы кансыз согуш сыяктуу мамиле азыр кайра жанданып жатат. Азыр кээ бир күчтөр Кыргызстанды Орусия менен АКШнын ортосунда оюнчукка айландыргысы келип жатат. Же Орусия менен же Америка менен болосуң деп, Кыргызстанды карама-каршылыкка, чатакка түртүп жатат. Биз буга каршыбыз. Биз ар бир тарап, ар бир держава менен сый-урмат мамиледе болушубуз керек. Эң башкысы биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызды алдыга коюшубуз керек.,- деп билдирди.

Буга чейин америкалык авибазага байланышкан бир топ иш-чараларга катышкан “Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын баамында, Трофимовдун дооматын колдоочу жагдайлар бар дейт:

- Юридикалык негиз бар. Себеби, бул күчтөр БУУнун мандатына таянып келген. 2005-жылдын январь айында БУУнун ал мандатынын мөөнөтү аяктап, бул уюм мандатын узарткан жок. Эки тарап тең кайра келишим түзүшкөн жок.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова болсо арыз ээсинин жарандардын укугун коргоо талабын бийлик эске алып, келишимди кайра карап чыгууга мезгил жетти деген пикирде:

- Эгер элдин кызыкчылыгы жакшы корголбой калса ушундай келишимдерди кайра карап чыгыш керек. Кандай болгон күндө Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталыш керек.

Парламенттик шайлоо менен алектенген кыргыз саясатчылары доо арыздын мазмунуна деле кызыкпагандай түрдө. Анткени, өкмөттүн басма сөз кызматы доо арыздан кабарсыз болгондуктан эч кандай түшүндүрмө бере албастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG