Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

ТҮРКИЯ ӨКМӨТҮНҮН ПККга КАРШЫ САЯСАТЫ СЫНГА КАБЫЛУУДА


Аким Өзгөн, Стамбул Оппозициянын көшөргөн кыстоолоруно карабай, Түркиянын башкаруудагы өкмөтү Түндүк Ирактагы ПКК жикчил тобунун согуштук бөлүктөрүнө каршы чоң аскердик чабуулду баштоодон карманып, 25 жылдан бери уланып келаткан бул проблемага жаңыча өңүттөн мамиле жасап, жаңыча парадигмаларды ишке тартууга чечкиндүү экенин сездирип келет.

Премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын парламенттен тийиштүү мандат алынганына жана эларалык коомчулукта аскердик операция тууралуу аздыр-көптүр түшүнүүчүлүк кырдаал пайда болуп калганына карабастан, баштапкы максаты согуш эмес, тоодогу согушчандарды куралсыздандыруу экенин билдирүүсү, өлкөдө айрым серепчилер тарабынан кризисти көзөмөлгө алуудагы өкмөттүн ийгиликтүү саясаты катары бааланып жаткан менен оппозиция тарабынан кескин сындалууда. Эрдоган өткөн аптада оппозициядагы МХПнын лидери Девлет Бахчелинин, өкмөттү аскерлерге буйрук бере албай террорчуларды күчтөнтүп жаткандыгы үчүн айыптоосуна жооп кайтарып, мамлекеттик маселелер курулай кыйкырыктар менен чечилбей турганын айткан болчу. Партиянын парламенттеги жыйынында чыгып сүйлөп ал мындай деди:

- Мажилистен чегаранын аркы жагында аскердик операция жасоо тууралуу мандатты алдыңар, эмне үчүн аны аткарбай жатасыңар деп сурап жатышат. Эмне, мандатты алдык деп дароо чабуулга өтүш керекпи. Кечирип койгула биз силер билген куралдуу ковбойлордон эмеспиз.

Бул тууралуу оозеки таймаш бул жумада дагы уланып, МХП лидери Бахчели мырза кайрадан өкмөткө чабуул койду. Парламенттеги депутаттардын дээрлик бардыгынын добушу менен берилген мандат аркылуу ПКК жикчил тобун биротоло талкалап жок кылуунун тарыхый мүмкүнчүлүгүн текке кетирбегиле деп билдирген Бахчели кечээ чыгып сүйлөп, буларды айтты:

- Урматтуу өкмөт башчысы бейкапар болсун.. Сизден эч ким ковбойлук кыл деп талап этип жаткан жери жок. Сиз бир гана өкмөттүн башы болгонуңузду эстеп, конституцияда бул макамга жүктөлгөн озуйпаны аткарсаңыз жетиштүү. Техастагыларга суктанып, ковбойлук кыл деген деле эч ким жок. Андай ковбойлордун ордосу Иракта жортуулдап жүрүшөт.

Оппозициядагы ЧХП дагы өкүмөттүн бул саясатына ыраазы эмес. Бул партиянын төрагасы Дениз Байкал, парламенттен аскердик аракет үчүн мандат алып, өкмөттүн аны аткарбай келе жатышы, Түркиянын аскерий ишенимдүүлүгүн тайдырып жатканын айтууда . Бирок премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын өкмөтү жүргүзүп келаткан бул саясат, Түркиянын келечегин тобекелге салбай, кызуу кандуулука алдырбай, маселелерди акыл-эстүүлүк менен жөнгө салуу максатын көздөөрүн бышыктады. Партиясынын Анкаранын чет жакасындагы бир курортто өткөргөн жыйынынан кийин чыгып сүйлөп, ал мындай деди:

- Баарыбыз эмоцияларыбызга эмес, акыл-эсибизге таянуу менен иш кылышыбыз керек. АК Партия бардык күч кубаты менен Түркиянын бөлүнгүс бүтүндүгүн коргоосун мындан ары дагы уланта берет.

XS
SM
MD
LG