- 26-ноябрда БШК 10 партияны каттоодон өткөрбөй койбодубу, ага нааразы болгон бир катар партиялар БШКны сотко берди. Мунун себеби эмнеден болуп атат?
- Биринчиден, биздин республикада 100 пайыз партиялык тизме менен өтүү ыкмасы биринчи жолу болуп атат. Ошондуктан көп партиялардын арасында албетте шайлоо кодексинин кээ бир нормалары толук кабыл алынган эмес партиялар бар. Бирок бул 21 партиялардын барында эле документтерин текшерип келсек, ошондой кемчиликтер чыгышы мүмкүн эле. Ошон үчүн тилекке каршы 10 партия өтпөй калды. Биздин коллегиялык орган 8 борбордук комиссиянын мүчөсү кол көтөрсө, кандай көтөрүлгөн маселе болбосун өтүп кете берет. Менин жеке оюм 22 партия каттоодон өтүп, атсалышса дедик эле, бирок тилекке каршы коллегиялык орган болгондон кийин 12 гана партия өттү.
- Ушуга байланыштуу БШКнын жыйынына катышкан байкоочулар сизди жана комиссиянын 2-3 мүчөсүн калган коллегаларыңызга адилеттүү болуп, калыс чечим чыгарууга үндөгөнүн айтышууда. БШКнын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү бийликтин көрсөтмөсүн аткаруу менен чектелип жатат деген ойлор айтылып жатат. Муну кандай түшүнсөк болот?
- Ал туура эмес болушу мүмкүн. Себеби бийлик тарабынан кандайдыр бир буйрук же кысым көрсөтүлгөн жок. Мен дагы президенттин жардыгы менен келгем. БШКнын мүчөсүнүн ар бири бирден гана добушка ээ. Биз көз карандысыз орган экенбиз. Андай көрсөтмө болсо башкача болуш керек болчу. Ошон үчүн ал туура эмес. Бирок ушундай жыйынтык болуп атат. Ошон үчүн азыркы он партия сотко бергени туура деп эсептейм. Сот калыс болуп бериш керек. Мен ойлойм 10 партиянын ичинен кандайдыр бир бөлүгү кайрадан атсалышууга чыгышы керек.
- Саясий партиялардын үгүт иштери башталбадыбы. 1-2 күндүн аралыгында Шайлоо кодексине туура келбеген жолдорго барды деген арыздануулар, даттануулар түшкөн жокпу сиздерге?
- Азырынча түшө элек. Бирок өткөндө БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова ММК аркылуу ушундай бир жакшы жобо даярдыйын деген экен сайттар боюнча. Азыр интернет сайттарды эч ким текшере да албайт, контролго да ала албайт. Ошондуктан аккредитациядан өткөн гана ММКларга чыккан бири-бирин каралоо же мыйзамдын чегинен чыккан маселелерди гана биз карап беребиз. Ал эми аккредитациядан өтпөгөн ММКларга туура эмес макалалар чыга турган болсо, аны биз карабай турган болдук. Ошондой чечимге келип атабыз.
- Маегиңизге чоң ырахмат.