Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

АТАМБАЕВ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ. СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


28-ноябрда Алмазбек Атамбаев кызматтан кетти. Өкмөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Искендер Айдаралиев аткарууга киришти. Парламенттик шайлоо алдындагы мындай кадрдык өзгөрүүлөр саясатчылар арасында ар түрдүү пикирлерди жаратууда.

21-октябрдагы референдумда Конституция кабыл алынгандан кийин Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү кызматтан кетип, бирок жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткаруу президенттин жардыгы менен ага жүктөлгөн. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп калган Алмазбек Атамбаев негизги максаты шайлоо убагында өлкөдө туруктуулукту сактоо экенин, мына ошого байланыштуу өзүнүн Социал-демократиялык партиясынын тизмесинин башында туруудан да баш тартканын партиянын 10-ноябрдагы курултайында билдирген. Бирок, Атамбаев парламенттик шайлоонун эң курч мезгили, үгүт иштери башталган убакта кызматынан кетип жатат.

Социал-демократиялык партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Иса Өмүркулов Атамбаевдин кызматтан кетүүсү түшүнүксүз болуп калганын билдирди:

- Атамбаевдин тилеги жакшы эле. Туруктуулукту орнотуп, экономикага көңүл буралы деген ниети бар эле. Анан кызматтан кетүүсү түшүнүксүз болуп калды. Бирок биздин позициябыз борборчулдук болгон. Ошол позцияда калабыз. Ал эми Алмазбек Атамбаев Социал-демократиялык партиянын үгүт иштерине келип кошулуш керек деген пикирдемин .

«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Атамбаев оппозицияга жан тартып турганы үчүн кетти деген пикирде:

- Чындап айтканда (Атамбаев) президентке чын жүрөктөн иштеп бербейт. Анын жан дүйнөсү оппозициямын деген тарапта. Мүмкүн ошолордун таасири бардыр. Мүмкүн башка ою бардыр.

«Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетүүсү күтүлүп жаткан кадам эле деген пикирин билдирди:

- Атамбаев премьер-министрликке отурганда эле бул убактылуу экени белгилүү болчу. Ал кезде элди тынчытыш үчүн оппозиция өкүлү премьер-министрликке келди деш керек эле. Ошол эле максат менен бул кызматка коюлган. Эми Атамбаевдин кереги жок болуп калды. Ал өзү эле Түркияга элчиликти сурап жүргөн эле. Эми ошояка кетип калат.

Айрым талдоочулар, Алмазбек Атамбаевдин кызматтан алынуу себебин административдик ресурсту эки партия эмес, толук бир партия үчүн иштетүү максатынан келип чыкканын белгилешүүдө. Белгилүү саясат таануучу Валентин Богатырев Атамбаевдин кызматтан кетүүсү административдик ресурска байланышы бар экенин четке какпай, бирок негизгиси Алмазбек Атамбаев өз миссиясын аткарып бүттү деп, буларга токтолду:

Атамбаевдин кызматтан кетүүсүнүн себеби азыркы учур, өткөндөгү иштерге эмес, келечектеги иштерге байланыштуу. Анткени жакын арада күйүүчү майга, жана башка нерселерге баа көтөрүлөт. Өтө көп проблемалар чыгат. Ошондо өкмөт популярдуу эмес катуу чечимдерди кабыл алыш керек. Эгерде саясий милдеттер менен байланышкан саясатчы болсо, анда ал андай чечимдерге барбайт. Ошондуктан өкмөткө саясий партияларга тиешеси жок киши керек болуп турат. Ошондой киши келет го.

Президенттин жардыгында Алмазбек Атамбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу премьер-министрдин милдетин аткаруудан бошотулганы белгиленген. «Ошондуктан Алмазбек Атамбаев эс алуудан кийин мамлекеттик кызматка кайтып келет. Мүмкүн Түркияга элчи болоор»,- деди Валентин Богатырев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG