Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

АННАПОЛИС ЖЫЙЫНЫ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА ЭМНЕ БЕРЕТ?


AKШда жаңы аяктаган Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык жыйыны Израил менен палестиндердин ортосунда сүйлөшүүнүн кайра жанданышына жол ачууда. Вашингтондун жанындагы Аннополисте өткөн жыйындын батыштан жана араб өлкөлөрүнөн катышуучулары тынчтык жараяны Жакынкы Чыгыштагы экстремизмге каршы күрөшкө күч берет деп үмүттөнүшүүдө. Бир эле мезгилде жыйын ага чакырылбаган жана радикал уюшмаларды колдоо менен Вашингтонду жана айрым араб өлкөлөрүн жүрөк заада кылган Ирандын дарегине эскертүү ишараты да болуп калды.

Аннополис жыйыны Израил менен палестиндерди жаңжалын токтотуунун жолун табуу чакырыктары менен соңуна чыкты. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 27-ноябрь, шейшемби күнү өткөн бир күндүк жыйынга байланыштуу буларга токтолду:

– Израил менен палестиндердын элдешүүсү Кошмо Штаттарынын улуттук кызыкчылыгындагы нерсе. Азыр бизде чындап жылыш жасаганга мүмкүнчүлүк бар. Анын ийгилиги Жакынчык Чыгыштагы тынчтык, эркиндиктер жана мүмкүнчүлүктөр үчүн чечүүчү маани ээ. Эч ким тынчтыкка кастарын тикпейт. Биз ийгиликке жетишибиз керек. Бүгүн тараптар ийгиликти көздөп тургандыгын бир ооздон айтышты.

Катышуучулардын жыйынга катышуусунун башкы себептеринин бири Израил менен палестиндердин чатагы Жакынкы Чыгышта экстремизмдин отуна май чачып жаткандыгынан чочулоо болду. Саударабстандын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал тынчтык процессинин токтоп калышы экстремисттик идеологияларга болгон кызыгууну күч алдырганын моюнга алды. Көптөгөн араб өлкөлөрү экстремисттик топторду өз бийликтерине түздөн-түз коркунуч келтирген күч деп санашат.

Ошол эле мезгилде экстремизм сырткаркы күчтөргө аймакка таасир этүүгө ыңгай түзөт. Андай күчтөрдүн ичинен Иранды Вашинтон жана башкалар Газа тилкесин көзөмөлдөгөн палестиндердин радикал Хамас уюмун жана Ливандагы радикал Хизболла партиясын колдойт деп айыптап келишет. Аннаполисте бир катар араб өкүлдөрү да жыйынга келишкендеринин бир себеби Ирандын таасиринин өсүшү экендигин белгилешти. Көптөгөн сунни араб өкмөттөрү Ирандын Ирактагы шийи уюмдарын колдошу, анын Багдаддагы таасирин да катуу күч алдырды деп тынчсызданышат.

Кошмо Штаттарынын өкмөтү уюштурган жыйынга чакыруу албаган Иран Аннаполистеги конференцияны "арабдардын кызыкчылыгына коркунуч келтирет" деп катуу сынга алды. Жыйында палестин бийлигинин президенти Махмуд Аббас жана Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт палестин мамлекетин 2008-жылдын аягына чейин негиздөө боюнча сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин аныкташты. Сүйлөшүү шаршембиде Ак үйдө АКШ президенти Жорж Буштун катышуусу менен салтанаттуу ачылганы жатат.

XS
SM
MD
LG