БШКнын тизмесинин башындагы «Атамекен» партиясынын лидерлери бул күндөрү Ысыккөл облусун кыдырып жүрөт. Партия үгүт кампаниясында «Таза саясат - Күчтүү өлкө» деген ураанды көтөрүүдө. Партиянын анда башка ураандары жана үгүт кербенинин жүрүшү тууралуу Кубатбек Байболов буларды кабарлады:
- «Атамекен сен жана мен», «Атамекен эл үчүн турат бекем» мына ушундай ураандар. Азыр Бостери айылынан чыгып, Караколго баратабыз. Көл жээгиндеги жолугушуулардан кийин Нарынга өтөбүз.
Атамекенчилер андан кийин бөлүнүп, бир топ лидерлер түштүк региондого багыт алмакчы.
Ал эми «Ак жол» партиясынын лидерлери эки багытка бөлүнүп, үгүт иштерин жүргүзүүдө. Партиянын бир тобун Чолпон Баекова жетектеп, ал түндүк регионду кыдырууда. Адахан Мадумаров жетектеген топ Таластан баштап түштүк регионго жөнөп кеткен. Партиянын негизги ураандарынын бири «Биз иштерман адамдарбыз» деген ураан. Негизи партиянын ураандары бир нече багытка бөлүнгөн дейт партиянын басма сөз кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаев билдирди:
- Экономикага арналган ураан бар. Жаштарга арналганы бар. Ар кандай багыттар боюнча болуп жатат.
Социал-демократиялык партия «Элдин биримдигин сактоого» артыкчылык берерин партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов билдирди:
- Биз элдин биримдин алдыга коюп жатабыз. Ошол эле кезде конструктивдүү оппозицияда болуп, элдин биримдигин бекемдейли деген ураан менен чыгып атабыз.
«Асаба» партиясынын урааны жана лидеринин үгүт ишиндеги багытын партиянын мүчөсү Назаркул Жоошбаев айтып берди:
- Күчтүү улут - Күчтүү мамлекет! Жердешчиликтен мекенчиликке көтөрүлөлү! Жердешчиликтен мекенчилдикке!, Уруучулдуктан улутчулдукка көтөрүлөрү! Деген ураандар болуп жатат.
Назаркул Жоошбаевдын айтымында, партия лидери Азимбек Бекназаров жакынкы күндөрү Ысыккөлдү кыдырып, андан кийин башка региондорго сапар тартат. «Ар намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов учурда Бишкекте үгүт иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин Баткен облусуна өтүп, бүт региондорду кыдырып чыгат. «Ар намыстын» үгүт кербени Таласта жыйынтыкталмакчы. Партиянын негизи урааны мыйзамдуулукту сактоого байланыштуу болоорун Эмил Алиев маалымдады:
- Эң биринчи мыйзам дейбиз. Мыйзам, мыйзам жана мыйзам!.
Коммунисттик партиянын үгүт кампаниясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу партиянын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев айтып берди:
- Тазалык, Акыйкаттык, Биримдик, Социализм! Деген ураан менен чыгып жатабыз. Тазалык болмоюнча эл оңолбойт. Бул сөздү биз Исхак Раззаковдун сөзүнөн алдык.
Ал эми «Туран» партиясынын лидерлери региондордо үгүт иштерин жүргүзүүдө. Партия лидери Тайырбек Сарпашев негизги урааны тууралуу буларды маалымдады:
- Биз улутчул партиябыз. Негизги урааныбыз: Ийгиликтүү Кыргызстан үчүн!.
«Туран» партиясынын лидери учурда Чүй облусунда үгүт иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин Жалалабад, Ош, Баткен облустарын кыдырууга чыкмакчы.
«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев түштүк региондордо үгүт иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.