Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

ЕККУ: АКШ ОРУСИЯ СУНУШТАРЫН СЫНГА АЛДЫ


Испаниянын борбору Мадридде бейшембиде ЕККУнун министрлер кеңешинин эки күндүк жыйыны башталды. Анын күн тартибинде АКШ менен Орусия ортосунда талашка түшкөн бир нече маселе бар. Кошмо Штаттардын өкүлү Орусиянын бул жыйынга берген сунуштарын сынга алды. АКШнын пикиринде, берилген сунуштар ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү түйүнүн алсыратууга багытталган.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун министрлер кеңешинин жыйыны эреже боюнча алдыдагы жылда артыкчылык жасалуучу багыттарды белгилеген жана аткарылууга милдеттүү саясий декларация кабыл алышы керек. Бирок, АКШ менен Орусия ортосундагы туруктуу пикир- келишпестиктерден улам 2002-жылдан берки кеңешмелер мындай жыйынтыктоочу документсиз аяктап келүүдө. Жыйындын башталышы көргөзгөндөй ушул эле көрүнүш быйыл да кайталанып жаткандай. Анын үстүнө быйылкы кеңешме Вашингтон менен Москва ортосунда Орусияда ушул жекшембиде өтүүчү парламенттик шайлоону ЕККУ уюмунун байкоо жүргүзбөө жөнүндөгү чечимине байланыштуу олуттуу талаш-тартыш чыккан учурга туш келип олтурат.

Маселен, кеңешме башталар алдындагы пресс-конференцияда АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бернс Орусиянын ЕККУ уюмунун шайлоого байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектөөнү караган сунуштарына Вашингтон караманча каршы экенин айтып чыкты:

- Орусия бул сунуштун автору. Менин ишенимимде, бул ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросун кыйла алсыратып, кыйратат. Мен билгенден, Өзбекстан, Беларус жана Казакстан да бул сунушка демөөрчү болушкан. Биздин оюбузча, бул өлкөлөр аталган сунушту колдошкону жакшы эмес. Биз буга буга толугу менен каршыбыз жана мунасага барбайбыз. Биз Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюрону алсырткан кандай сунуш болбосун бир миллиметрге да чегинбейбиз. Бул министрлер кеңешинин азыркы, келечектеги жыйындарында да мүмкүн эмес.

Жакында орус президенти Владимир Путин ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун Орусияда ушул жекшембиде өтүүчү парламенттик шайлоого байкоочу жибербөө чечими АКШнын таасири менен кабыл алынганын айтып чыккан эле. Ал эми бюро өз чечимин байкоочулар виза алууда тоскоолдуктарга кабылганына байланыштырган. Бул маселеде АКШнын таасири бар деген ырастоолорду Мадриддеги пресс-конференцияда Мамлекеттик катчынын орун басары Николас Бернс да четке какты.

Орусия менен АКШ ортосунда кызуу талашка түшкөн дагы бир маселе - ЕККУга 2009-жылы Казакстандын төрагалык кылуу мүдөөсү. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү Казакстандын талапкерлигине колдоо билдиргени менен АКШ, Британия, Чехия буга каршы чыгаарын каңкуулаган. ЕККУдагы чечим болсо эреже боюнча ага мүчө 56 өлкө тарабынан тең колдоо табышы керек. АКШ жана анын өнөктөштөрү Казакстан демократия жана адам укуктары түпкү баалуулугу болгон бул уюмга төрага болууга даяр эмес, анын стандарттарына канчалык ийги экенин али көргөзүшү керек деп эсептейт. Кабарларга караганда, Орусия жана Казакстан азыр каршы чыккан өлкөлөр менен 2010 же 2011-жылкы төрагалык үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө.

Мадридде бейшемби күнү макулдашылгандай, келерки жылдын июлунда ЕККУнун парламент аралык ассамблеясынын жыйыны Астанада өтө турган болду. Бул чечим Казакстанга 2009-жылдагы төрагалык берилбей турганынын ордуна экинчи тараптын жасаган чегинүүсү катары каралууда.

Ошентип, 2009-жылы үчүн Казакстандын талапкерлиги четке кагылган шартта, бул орунга андан кийинки тизмеде турган Грециянын, ал эми 2010-жылы Литванын келүүсүнө жол ачылат. Бирок, Орусия мурдараак мындай сценарийге вето саларын ишара кылган болчу. Айтор, тараптар мунасага жетишеби же жетишпейби, Казакстан 2011-жылдын төрагалыгын шарт менен же шарты жок алабы, муну жыйындын соңу көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG