Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

КАСПАРОВДУ АБАКТАН БОШОТУШТУ


Россиядагы “Бириккен жарандык фронттун” лидери Гарри Каспаров беш күн административдик абакта жатып чыкты. Аны кечээ бошотушту. Каспаров Москвада “Макул эместер” маршына катышканы үчүн камалган эле.Бүгүн ал журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөнү жатат.

Каспаровду фронттун активисттери менен журналисттер анын үйүнө кире бериште тосуп алышты. Кабарчылардын суроолоруна жооп берип,Каспаров өзүнүн камалганын Россияда түзүлгөн азыркы кырдаалдын аңытында түшүндүрдү.

“Иш жүзүндө биз өтө кооптуу мезгилге кирип баратабыз,- деп айтты ал, - анткени бийлик төбөсүндө тургандар кайсы жерге барып токтоору белгисиз”. Путиндин жакын чөйрөсүнө киргендер арасында ич ара тытышмай башталды. 2-декабрдан кийинки укуктук кырдаал кандай болору,эмдиги жылдын 2-мартынан кийин өлкөнү ким жана кантип башкарары белгисиз. “Мына ушундай шартта бийликтер өздөрү жазып,өздөрү кабыл алган мыйзам нормаларын жана Конституциянын эрежелерин таптакыр таңазарга албай жатышы, менимче, бүткүл өлкөнү катастрофага алып келиши мүмкүн”,-деп айтты Каспаров.

Беш күн бою Каспаровдун жакындары менен тарапкерлери анын кайсы жерде кармалып жатканын биле албай коюшкан. Беш күн бою анын бошотулушун талап кылып, чакан пикет өткөрүп турушту. Милиция алардын өкүлдөрүн күн сайын кармап кетип жатты. Кармалгандар арасында белгилүү сатирик Виктор Шендерович да бар эле, анын иши сотко ашырылып,бирок документти жоготуп алышты.

Каспаровго адвокаты Ольга Михайлова менен көзмө-көз сүйлөшкөнгө уруксат берилген жок. Думанын депутаты Владимир Рыжковду, атактуу шахматчы Анатолий Карповду Каспаров менен жолуктурбай коюшту. Жада калса тамак-аш киргизгенге жакындарына да мүмкүндүк беришкен жок.

Каспаровду 24-ноябрда Москвада “Бириккен жарандык фронт” уюштурган марш маалында кармашкан. Маршка үч миңдей киши катышкан, мындай акция Москвага катарлаш Санкт-Петербургда да өткөрүлгөн. “Россия үчүн, Путинге каршы!” урааны астында көчөжүрүшүнө чыккандардын жолун милиция тосуп, баары болуп эки жүздөй киши кармалган. Сот Каспаровду милицияга баш бербей койгону, пикет эмес, жүрүш уюштурганы үчүн беш суткага жазалап абакка кескен.Соттун бул чечимин Михаил Горбачев айыптап, Каспаровдун күнөөсүн ашыра баалаган жаза деп атаган.

Каспаров мыйзамдын жана Конституциянын нормалары одоно бузулган ар бир факты, айрыкча адвокат менен жолуктурбай койгону, нормалдуу процедуранын майканын чыгарганы үчүн кылмыш ишин ачууну талап кылышарын билдирди. Бүгүн ал журналисттер үчүн Москвада маалымат жыйынын өткөргөнү жатат.

Буга катарлаш Санкт-Петербургда кечээ совет доорундагы диссиденттердин бири, жазуучу Владимир Буковский кармалып, милицияда суракка алынды. Жазуучунун шаардык китепканада өткөргөнү жаткан окурмандар конференциясы да белгисиз себептерден улам тыюу салынды. Буковский марттагы президенттик шайлоого оппозициянын талапкери катары катышарын жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG