Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ: БАЙКООЧУ КЕҢЕШ ИШТЕМЕЙИН УТРКда РЕФОРМА БОЛБОЙТ


“Азаттыктын таңкы уктурууларында Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков УТРКдагы реформа жүргүзүү аракеттеринин кандай ишке ашып жатканы жөнүндө ой-пикир алышты.

- Оппозициянын мурдагы активдүү мүчөлөрүнүн бири болуп жүргөн Мелис Эшимкановдун келиши менен УТРКда сөз эркиндигине болгон мамиле өзгөрдүбү?

- Өзгөрдү деп айтууга таптакыр болбойт. Бул жерде бир эле нерсеси өзгөрдү, Эшимкановдун өзүнүн эле УТРКнын системасына эл аралык стандарттарды киргизем деген эле ой-пикири болгон менен калган система реалдуу түрдө өзгөрө элек.

- УТРКда реалдуу реформа жүрбөй эле, дагы эле Акүйдүн айтканы боюнча иштеп жатат деген пикирлерге кандай дейсиз?

- УТРКда эки процесс жүрүп жатат деп айсак болот. Мурунку жетекчилерге карганда Эшимканов чын дили менен реалдуу реформа кылам деп аракет кылып атат. Бирок көп жылдардан бери ал жерде чирип, катып калган система эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, ошол эле учурда бийлик дагы өзүнүн одонолук бурамасына салып, УТРКны өзү каалагандай бурмалап атканы өзүбүзгө анык болду. Алтургай Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү кетип калганы даана анык болду. Бул келе жаткан шайлоого бийликтин түзмө-түз таасирин аныктаганга жазылган экени, мен ойлойм, кайсы бир деңгээлде анык болуп калды.

- УТРКнын ишинин сапатын жакшыртуу жана сөз эркиндигин күчөтүү боюнча эмне кылыш керек деген ойдосуз?

- Сөзсүз түрдө мыйзамдын ичинде Байкоочу кеңешти алып келиш керек. Булар өзүнүн ыйгарым укугун ашырганга түзмө-түз иштеп башташы керек. Ал болмоюнча системалык, структуралык өзгөртүүлөрдү кылыш абдан кыйын экен. Ансыз кылышка таптакыр мүмкүнчүлүгү жок экенин азыр КТРдин көркөм кеңешинин мүчөсү болуп мен даана көрүп отурам. Ошондуктан мурун мыйзам менен сунушталган Байкоочу Кеңеш боюнча, коомдук телеберүү боюнча стандарттар киргизилмейинче бул жерде өзгөртүү болбойт го дейм.

- Шайлоо алдында үгүт иштери жүрүп атат, ушул УТРКга айрым саясий партиялар нааразы экенин билдирип атышат, бул бийликтин гана партиясынын үгүт иштерин жүргүзүп, бөлөк партияларга жакшы көңүл бурулбайт деген ойлор айтылып атат?

- Азыр сотко беребиз деп атышат, эгер юридикалык жагынан карап келсек УТРКнын кылган иш аракетинде мыйзам бузулган жок деп ойлойм. Ал эми демократиялык принциптер жана шайлоо процессинин, шайлоого катышуучу партиялардын шайлоо процессинде тең орунга, тең шартка коюлуш керек деген принцип бузулуп атат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG