Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

СОТ «ЖАШЫЛДАРДЫН» «АК ЖОЛГО» КАРШЫ АРЫЗЫН ЧЕТКЕ КАКТЫ


«Ак жол» партиясынын шайлоо тизмесин каттоо жөнүндөгү БШКнын чечимин жокко чыгарууну талап кылган «Жашылдар» партиясынын арызын эки күндөн бери карап жаткан Биринчи май райондук соту бүгүн чечим чыгарып, арызды канааттандырган жок. «Жашылдар» партиясы эми Жогорку сотко кайрылууга ниеттенүүдө.

Бүгүнкү сот ишинде «Жашылдар» партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев БШКнын ошол 25-ноябрдагы партиялардын тизмесин каттаган отурумунан тартылып алынган тасманы көргөзүү өтүнүчү менен кайрылып, «Ата Мекен» партиясы тарабынан тартылган тасманы сунуштады. Ошондой эле «Ата Мекен» партиясы ага уруксат бергенин билдирди. Бирок сот тасма аталган партия тарабынан тартылганына далил жоктугуна негиздеп, мындай өтүнүчтү четке какты.

Жарыш сөздө «Жашылдардын» төрагасы Эркин Бөлөкбаев Борбордук шайлоо комиссиясы «Ак жол» партиясынын тизмесиндеги мыйзам бузууларды көрмөксөнгө салып каттап койгон деп, бул чечимди жокко чыгарууну талап кылды. «Жашылдардын» дооматына караганда, «Ак жол» Шайлоо Кодексинин 72-беренесинин экинчи жана үчүнчү пункттарын бузган. 2-пунктта, маселен, «Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын курултайында жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат» деп жазылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жылдыз Абдыбекова «Ак жол» партиясынын тизмеси мыйзам чегинде катталганын айтып, соттон «Жашылдар» партиясынын арызын канааттандырбоону суранды:

- «Ак жол» партиясынын тизмеси шайлоо кодексиндеги талаптардын бардыгына жооп берет. Аны каттабай коюуга эч кандай негиз жок эле. Борбордук шайлоо комиссиясы партия сунуштаган докмуенттерди карап чыккан соң 25-ноябрдагы отурумда тизмени каттаган. Аны каттоону БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү, тактап айтканда 10 мүчөсү колдогон.

«Ак жол» партиясынын өкүлү Бакыт Сыдыгалиев да тизмени каттоонун мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү документтердин баарын сотто сунуштаганын айтып, доогер тараптын арызын канааттандырбоону суранды.

Ошентип бүгүн кечке жуук сот бул иш боюнча чечимин чыгарып, аны соттук ишке төрайымдык кылган судья Мадина Давлетбаева жарыялады:

- Биринчи май райондук соту Жашылдар партиясынын Ак жол партиясынын тизмесин каттаган БШК чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын карап чыгып, жарандык процессуалдык кодекстин 197, 201, 205, 211, 257-беренелерин жетекчиликке алуу менен Жашылдар партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартат.

Чечим чыккан соң Ак жол партиясынын өкүлү Бакыт Сыдыгалиев бизге сот ишти туура чечти деп эсептээрин билдирди:

- Биз соттон бул арызды канааттандырбоону сураганбыз. Себеби биз сотто айткандай БШКнын чечими шайлоо кодексине ылайык кабыл алынган. Соттун чечими туура деп эсептейбиз.

«Жашылдар» партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин пикиринде, сот «Ак жол» партиясы менен БШКны колдоп койду:

- Сот «Ак жолду», БШКны колдоп, бизди уккан жок. Кошумча протоколдорду алып келсин деген жана башка өтүнүчтөрүбүз эске алынбады.Мен бүгүнкү иштен улам биздин соттор кимге кандай мамиле кылаарын түшүндүм жана чыныгы жүзүн көрсөттү деп эсептейм. Эми Жогорку сотко кайрылабыз. Узак мөөнөттүү эл аралык байкоочуларга бул ишке тиешелүү документтердин баарын көрсөтөбүз.

Ошентип бул соттук териштирүү президент Курманбек Бакиев негиздеген «Ак жол» партиясынын пайдасына чечилип, БШКнын аталган партиянын тизмесин каттаган чечимин жокко чыгарууну талап кылган «Жашылдар» партиясынын арызы канааттандырылган жок.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG