Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

ГРЕК- РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА РААТБЕК САНАТБАЕВДИ ЭСКЕРҮҮ MЕЛДЕШИ ӨТҮҮДӨ


Кабыл Макеш,Бишкек 1- декабрда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеши башталды. Эл аралык таймашууга 9 өлкөнүн балбандары мөрөй талашууда.

Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык алгачкы мелдешке Грекия, Орусия, Украина, Белорусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган балбандары күч сынашып жатат.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде мелдештин тушоосу алгач ирет кесилип жатса дагы Раатбекти эскерип, сыйлап 8 өлкөнүн балбандары келишти.

-Бул мелдешти келечекте Эл аралык күрөш федерациясынын иш-чарасына киргизүү милдети турат, Раатбекти эскерип, даңазалоо менен жаштардын күрөшкө болгон кызыгуусун ойнотобуз, -дейт Мурат Саралинов.

Түшкө чейин балбандардын мыктыларын иргеп алуу таймашуулары болду. Спорт коомчулугунун өкүлдөрү, чет өлкөлөрдөн келишкен меймандар Аларча көрүстөнүндөгү даңазалуу балбан Раатбек Санатбаевдин бейитине барышып, аны эскершип, куран окулду.

Учруда Кожомкул атындагы спорт сарайында 55, 66, 84 жана 120 кг салмактар боюнча жарым финалдык таймашуулар болууда. Баш байгеге талапкерлердин күч сынашуулары да кечинде болмокчу.

Кыргызстандын намысын өлкөгө таанымал балбандар Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев, Азат Эркинбаев, Нурбек Ибраимов жана башкалар коргоп жатышат.

Раатбек Санатбаев эл аралык мелдештерде, Азия, дүйнө чемпионаттарында 84 кг салмакта өлкөнүн намысын коргоп келген эле. Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов мурда 74 кг салмакта күрөшүп жүрсө, бул мелдеште атайын Раатбек Санатбаевдин урматына 84 кг салмакта күч сынашып жатат.

-Раатбек агабыз абдан токтоо, адамкерчиликтүү, калыс, кичи пейил эле, баарыбызга үлгү болчу, -деп эскерет Данияр Көбөнов.

Белгилүү балбан Раатбек 1969- жылы 7- майда Жалалабад шаарында туулган. Бабалары «каманалп» аталып, балбандыгы менен даңазаланган. Раатбек Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынан, кыргыз дене тарбия институтунан жана Кыргыз- Славян университетинен билим алган.

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарыда эки ирет күмүш байге уткан, Кыргызстандын көп жолку чемпиону, дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып, Ортосай базарында дүкөндөр павилонун, Асанбай кичи районуна бараткан жол жээгинде ресторан куруп, курулуш иштери менен дагы алектенген.

Раатбектин менен үзөңгүлөш курбу болуп, бирге күрөшүп, кийин бирге иштеп жүргөн грек- рим күрөшү боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу Эмил Алыкулов анын адамчерчилик сапаттарын эскерип, мындай деди:

-Өлкөнү дүйнөгө тааныткан Раатбектин Кыргыз спортуна кошкон салымы зор эле. Ал түгүл Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Азия чемпионатында эки жолу алтын байге утуп алган. Ошондой эле 1994- жылы Хиросимада өткөн Азия оюндарында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп күмүш байгелүү утуп, Кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Раатбек чоң үлүш кошкон. Кыргыз спортун, күрөштү анын руху да бийик көтөрүп, балбандарга үлгү болуп, ар дайым жүрөгүбүздө өчпөй турат. Раатбекти эскерүү эл аралык мелдеши дүйнөлүк деңгээлдеги турнир болооруна ишенем.

Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеши эртең 2-декабрда дагы улантылат.

XS
SM
MD
LG