Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Р. САНАТБАЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИНИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


2-декабрда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Эл аралык таймашууда 10 өлкөнүн балбандары мөрөй талашты.

Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүү боюнча эл аралык мелдеши алгач ирет өткөрүлүп жатса дагы 10 өлкөдөн балбандар келишти.

Жеңил салмакта баш байгени Бишкектин Свердлов райондук балдар спорт мектебинин өкүлү Улан Темирбеков жеңип алды. Казакстандык Марат Гарипов экинчи орунду ээледи.

60 кг. салмакта Кыргыз дене тарбия академиясынын балбаны Азиз Бейшалиев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Экинчи орунду казакстандык Жансерик Аттакулов ээледи.

66 кг салмакта да Бишкектин №4 спорт мектебинин балбаны Султан Мухтаров биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды. Кыргыз дене тарбия академиясынын студенти Данияр Анарбек уулу күмүш байгелүү болду.

Ал эми 74 кг салмакта Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов бүгун да килем үстүндө күрөшкө чыгып, баардык аттандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда украиналык балбан Михаил Лозовойду утуп алды.

“Раатбек Санатбаев бардык балбандарга үлгү эле, анын жеңиштерин биз улантабыз”,- деди Данияр Көбөнов.

Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев 84 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, мөрөй алып келген. Ушул Раатбектин салмагындагы таймашууда жаштар арасында дүйнө чемпиону, 15- Азия оюндарынын коло байге ээси Жанарбек Кенжеев финалда грекиялык Сергиуц Солонтицти утуп, баш байгенин ээси болду. Сыйлыктарды Раатбектин апасы Дилбар Санатбаева өзү тапшырып, Жанарбекти уулундай жеништерге жете беришин тиледи.

96 кг. салмакта баш байгени Түркиядан келген балбан Азиф Арзиман жеңиш алтын медаль тагынды. Казакстандык Ахмед Алхастов экинчи орунду камсыз кылды.

Оор салмактагылардан финалда тажикстандык Мурад Туйчиев менен 15-Азия оюндарынын коло байге ээси, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Нурбек Ибраимов беттешип, Нурбек намыска жарады.

Байгелүү орундарга жеткен балбандардын баары акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG