Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОРУСИЯЛЫКТАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ “БИРДИКТҮҮ ОРУСИЯНЫ” КОЛДОДУ


Эдил Сапарбек уулу, Бишкек шаары Жекшембиде (2-декабрда) Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо болуп өттү. Орусиянын Бишкектеги элчилигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жашаган жана элчиликке келип добуш берүүсү күтүлгөн орус атуулдарынын дээрлик үчтөн бири добуш берүүгө катышып, алардын басымдуу көпчүлүгү “Бирдиктүү Орусияны” колдогон. Кыргыз оппозициясы расмий Бишкекти парламенттик шайлоодо бийлик ресурстарын мыйзамсыз колдонгон Кремлден өрнөк алуу майнапсыз деп эскертүүдө.

Алатоодо байырлап жаткан орусиялыктардын добуш берүүгө катышуусу үчүн Кыргызстанда үч шайлоо чөлкөмү уюшулган эле. Алардын бирөөсү Бишкек шаарында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңсесинде жайгашты.

Орусия парламентине болгон шайлоо жараяны Бишкекте жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки сегизден кечки саат сегизге чейин созулду. Бул убакыт аралыгында элчиликте уюшулган шайлоо түйүнүнө 3002 орусиялык атуул (шайлоочулардын жалпы санынын 32 пайыздайы) келип добушун берген. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла жогору болгондугун Бишкек шайлоо чөлкөмүнүн комиссиясынын төрагасы Владимир Посохин да “Азаттыктын” кабарчысына белгиледи.

Ал эми шайлоонун алгачкы жыйынтыгы бизге дүйшөмбүдө (3-декабрда) Бишкек убактысы боюнча таңкы саат экиде маалым болду.

Биз Кыргызстандагы орус элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко менен байланышканыбызда, ал негизги добуштар “Бирдиктүү Орусия”, “Коммунисттер” (РФКП) жана “Либерал демократтар” (ЛДП) партияларына берилгендигин айтты.

Бишкектеги чөлкөмдүн алгачкы жыйынтыгына караганда, бул партиялардын ичинен 84 пайыздай добушту “Бирдиктүү Орусия” топтогон. Калган эки партия жети пайыздык босогону аттай алган жок.

“Бирдиктүү Орусия” Бишкекте көбүрөөк добушка ээ болоору башында эле белгилүү болгондой туюлган. Себеби шайлоочулардын айрымдарын жекшембиде кепке тартып, “бул шайлоо сиз үчүн кандай мааниге ээ жана кайсы партияны колдоп жатасыз?” деген суроону узатканымда, алардын дээрлик көпчүлүгү орус президенти Владимир Путин шайлоо тизмесинин башында турган "Бирдиктүү Орусия" партиясын жактаарын айтышкан эле.

Алдын-ала жарыяланып жаткан жыйынтыктарга караганда, Орусиянын өзүндө да бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы башкалардан ат чабымдай алыстыкта озуп келди жана Мамдуманын басымдуу көпчүлүк орунун ээлээри күтүлүүдө.

Орусияда Казакстандагыдай болуп бир гана бийликчил партия парламентке жеке басар болуп келбегени менен, Кремлдин өктөм жана кубаттуу машинасы бар аргасын жасап, путинчил партия үчүн өзгөчө кызмат кылганын орусиялык жана эл аралык байкоочулар сындап чыгышты.

Ал эми Кыргызстанда да 16-декабрда Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен ат салышуу болгону турат. Бул шайлоодо Жогорку Кенештеги орундардын көпчүлүгүн президентчил “Акжол” партиясы ээлеши ыктымал, анткени президент Курманбек Бакиев Казакстан менен Орусиядан алган сабагын колдонуу үчүн далаалаттанат деген пикирлер байма-бай айтылып келет.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, оппозициядагы саясатчы Нуржамал Байболова айым “Азаттык” үчүн курган маегинде Кремл менен Астананын сабагын Кыргызстанга колдонуу оңой-олтоң эместигин, Кыргызстанда бийликчил партиянын туруму Орусиядагыдай эмес экенин баса айтты.

- Мен бир гана нерсе айткым келет, “каргага теңелип каздын буту сыныптыр” болбошубуз керек. Анткени Орусиянын шарты, Казакстандын шарты, алардын экономикалык абалы, географиялык мүмкүнчүлүктөрү башка. Кыргызстандын шартында үстөмдүк менен бийликтин партиясын алып өтөбүз деген иш аракеттер эң каалабай турган жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн.

Нуржамал Байболованын мындай пикирин Кыргызстандыгы оппозициячыл саясатчылардын жана укук коргоочулардын басымдуу бөлүгү тең бөлүшүп, алдыдагы шайлоо адилет өтсө экен деген санааркоолорун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG