Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ШАЙЛОО ДАГЫ ОРУС ЖОЛОЮНДА ӨТӨБҮ?


Кыргызстанда жашаган орусиялык жарандар дагы 2-декабрда Бишкекте, Ошто жана Караколдо Орусиядагы парламенттик шайлоо үчүн добуш беришти. Ал эми шайлоого көз салган кыргызстандык талдоочулар 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоо Орусиядагы шайлоонун көп учурларын кайталашы мүмкүн деп болжоп жатышат.

Кыргызстандын коомдук-саясий чөйрөсү Орусиядагы парламенттик шайлоого өзгөчө ынтызарлык менен көз салышты. Көпчүлүк байкоочулар муну эки өлкөдөгү парламенттик шайлоонун удаа өтүп жатышы менен байланыштырууда. Алардын баамында, Орусиядагы парламенттик шайлоо демократиялык принциптерге ылайык өткөн жок деп так кесе айтууга азырынча укуктук негиз жок. Саясат таануучу Табылды Акеров мындай баа ар кандай ыкмалар аркылуу пайдаланылган административдик ресурстардан Орусияны актай албайт дейт:

- Бүгүн Орусиядагы шайлоолордо анча-мынча административдик ресурстар колдонулуп жаткандыгы байкалууда. Мына жакында эле айтты, Федерацияны түзгөн республикаларда шайлоочулардын санын 102 %ке чейин атайы көбөйтүп ийишкен. Бул дагы көрсөтүп турат административдик ресурс бул жолу Орусияда өтө катуу колдонуларын.

Орусиянын азыркы бийликти узак мөөнөткө сактап калууга жан үрөп жатышын Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев парламенттик азыркы шайлоодогу башкы өзгөчөлүк катары санайт:

- Азыр өзгөчө Путиндин бийлиги элдин көбүрөөк симпатиясында болуп атат. Ошондуктан, мен дагы ушу Путиндин бийлиги туурараак деген көз карашта туруп атам.

Кыргызстандык байкоочулардын бир тобу ЕККУ өз байкоочуларын Орусияга жибербей коюшун жөндүү деп эсептешүүдө. Анткени, бул өлкөдө оппозицияга демократиялык баалуулуктарга төп келбегидей деңгээлде кысымдар көрсөтүлүүдө. Мындай пикирин «Ата Мекен» социалисттик партиясынын жаштар канатынын мүчөсү Элегия Мусаева билдирди:

- Орусия жетекчилиги демократиялык принциптерди сактоого аракет кылып жатат. Бирок, эл аралык уюмдар үчүн эле түр көрсөткөндөй туюлат. Иш жүзүндө андай эмес. Маселен, саясатка башкача көз караштагы лидерлерди камап атышат. Мен Каспаровдун жакында камалышы өңдүү учурларды айтып атам.

Анткен менен, Орусиянын шайлоо өнөктүгүнө авторитардык мамиле жасашы, оппозицияны кысмакка алышы өндүү жагдайлар анын эл аралык аброюна тескери таасир этпейт. Мындай көз карашты жактаган талдоочу, экс-депутат Тилектеш Ишемкулов өз пикирин Орусиянын экономикалык кубаты менен байланыштырды:

- Таасир эте албайт. Анткени, Европалык деңгээлде болобу, дүйнөлүк деңгээлде болобу, Орусиянын азыркы ээлеп турган орду абдан олуттуу, так, бекем. Европанын 25% Орусиянын газы менен нефтисине баш ийип калган өлкөлөр. Ошондуктан, буга катуу, ороңдоп тийип, айта албайт. Баягы дипломатиялык ыкма менен, сен жакшы, мен жакшы деген далыга таптамай саясатты колдонушат.

Тилектеш Ишемкуловдун баамында, кичинекей Кыргызстан менен Орусияны салыштырууга болбойт. Бирок, Кыргызстан Орусияны бардык жагынан, анын ичинде шайлоодо да туурары айдан ачык:

- Биздин Бакиев Орусия менен Казакстанды туурап, «Бирдиктүү Орусия», казактардын «Нур Отан» деген партиясын туурап 23 күн аралыгында партия түзө калбадыбы. Мындан артык тууроо барбы?

Ал эми саясатчы Мукар Чолпонбаев Кыргызстан 16-декабрга белгиленген чукул парламенттик шайлоодо Орусиянын административдик ресурстарды пайдалануу жагын туурашы мүмкүн:

- Кыргызстандыктар Орусиянын туура эмес үлгүлөрүн өзүнө кабыл алышы мүмкүн. Маселен, Орусияда «Бирдиктүү Орусия» үчүн бүт административдик ресурстар пайдаланылып жатпайбы.

Кыргызстанда оппозиция алда канча күчтүү деп эсептеген Табылды Акеров шайлоо учурунда административдик ресурстарды ашкере пайдаланууга жол берилсе, Орусиядагыдан айырмаланып, коомдо стабилдүүлүккө шек келгидей жагдай түзүлүп калышы толук ыктымал дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG