Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

ӨМҮРБЕК АБДРАХМАНОВ: БИЙЛИК БИЗДИ КОРКУТКАН САЙЫН КУРЧУЙБУЗ


“Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү жер-жерлерде бийлик өкүлдөрү тарабынан аларга каршы тымызын да, ачык да тоскоолдуктар жасалып, алардын үгүтчүлөрүн коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтып арызданышууда. Кандай тоскоолдуктар жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын “Азаттыкка” сүйлөгөн сөзүндө “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов чечмелеп айтып берди.

- Өмүрбек мырза, жер-жерлерде атамекенчилерге кысым көрсөтүлүп жатканы айтылууда. Алып карасак Ысыккөлдө, Ош облусунун айрым райондорунда коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатыптыр деген маалыматтар бар. Ошолор тууралу далилдүү фактылар менен айтып берсеңиз?

- Өзүңөр билесиңер, мындан жарым ай мурун биз Нарынга барып конференция өткөрүп келатканда маскачан автоматчан адамдар астыбыздан чыгып, асманга тарсылдатып атып, жардамчыларды жерге жыгып чала-була тепкилеп, коркутабыз деген. Бирок “Ата мекен” партиясынын жетекчилеринин бири дагы коркпостон чыга калып, мына аткыла дегенде, биздин ОМОНчулар чалкасынан түшүп калган. Андан кийин мен жакында эле Токтогулга барып калсам, ошол жерде жүргөн жергиликтүү КГБнын начальнигинин орунбасары Курманбек деген жигит келип алып штабдагы балдарды коркутуп, компьютердин көчүрмөсүн бергиле деп коркуткан экен, биздин балдар кат жазып бермейинче биз бербейбиз деген экен. Ошондон кийин жоголуптур. Андан кийин мына Өзгөндө, Кочкордо болуп атат деп атасыздар. Бул биздин “Ата мекен” партиясынан “Ак жолдун” жетекчилери, мүчөлөрү коркуп, айлалары кетип, коркутабыз деп атат окшойт. Бирок биз айтып коюшубуз керек, канчалык коркуткан сайын, административдик ресурстарды пайдаланган сайын “Ата мекен” партиясынын жетекчилери жана мүчөлөрү ого бетер курчуп, алдыдагы шайлоодо чоң жеңиштерге жетет деп ойлом.

Ал эми “Ак жол” партиясын өзүңөр билесиңер, элди коркутуп, зордук зомбулук менен гана жасаш үчүн жаралган. Же болбосо кайсы киши партияны түзө коюп эле жеңип алам десин. Мен Токтогулда жүргөндө дагы күбө болдум, бюджетте иштеген бардык адамдарга партиялык билетти зордук менен жазып бериптир, “же “Ак Жолго” киресиң, же жумушуңан кет” деп ачык-айкын айтып атыптыр. Мындай саясаттын менин оюмча келечеги жок. Бийлик коркуткан адамдар менин оюмча “Ата Мекен” үчүн добушун берет болуш керек.

- “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү айтып атышат, эми “Ата мекенчилер” коркутуп-үркүтүп атат деп сөз гана түрүндө айтып атышат, фактыларды бизге берген жок дейт. Коркутуп-үркүтүү фактылар боюнча сиздер тиешелүү органдарга кайрылдыңыздар беле?

- Ооба, Долондон келээр менен биз министрге жазганбыз. Бирок эч кандай официалдуу түрдө кечирим суроо болгон жок. КГБ боюнча да айттык, күнүгө “Азаттыктан” айтылып атат, “Азаттыкты” акжолчулар угуп койсо жакшы болор эле.

- Партиянын участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү да кысымга алынып жатат деген маалыматтар канчалык так?

- Албетте, ошондой болуп жатат. Биз Токтогулга барганда эң алыскы бир айыл өкмөтү бар экен. Ошол жерге команда беришиптир, “Ата мекенди” таптакыр жолотпо деп. Бирок биз ошол жерге барганда “Ата мекендин” жактоочулары чыгып, бизди коркутуп-үркүтүп атат, биз коркпойбуз деп, ошону ичинде бюджетте иштеген адамдары да кайрылып атканына мен өзүм күбө болдум.

-
Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Мээрим Султангазы

XS
SM
MD
LG