Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

3-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Жетисуу областынын аскер губернатору 1877-жылдын бул күнү уезддик борборду Токмок шаарынан Пишпекке которуу сунушу менен Түркстан генерал-губернаторуна кайрылган. Кыргызстандагы биринчи кышкы лыжа базасы 1960-жылдын 3-декабрында ачылган.

Жетисуу областынын аскер губернатору Герасим Алексеевич Колпаковский 1877-жылдын 3-декабрында уезддик борборду Токмок шаарынан Пишпекке которуу сунушу менен Түркстан генерал-губернаторуна кайрылган. Г. А. Колпаковскийдин пикирине ылайык Токмок шаары уезддик борбордун талаптарына жооп берген эмес. Биринчиден, Токмок Верный-Ташкент багытындагы Түркстан чөлкөмүнүн стратегиялык байланыш жолунан узак орун алган. Экинчиден, шаар жайгашкан жер саздак болгондуктан адамдардын оору-сыркоосу күчөгөн. Ошондуктан орус стратегдери уезддик борбор үчүн Пишпек, Кочкор жана Көтмалдыны, тактап айтканда азыркы Балыкчы шаарын сунуш кылышкан. Акыры, падышалык бийлик Пишпек шаарынын информациялык жана транспорттук байланыш артыкчылыгын эске алып, уезддик борборду азыркы Бишкек шаарына которушкан.

Фрунзе шаарынын тургундары Сергей Миронович Кировдун киши колдуу өлтүрүлүшүнө байланыштуу 1934-жылдын 3-ноябрында аза күтүү демонстрациясын өткөрүштү. Морис Белоцкий, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев баш болгон Кыргыз АССРинин жетекчилери «таптык сактыгыбызды үч эсеге арттырабыз», деп ВКП (б) Борбордук Комитети менен жолдош Сталиндин жеке өзүнө ишеним билдиришти. Коммунисттик партия жетекчилеринин көрүнүктүү өкүлүнүн өлүмүнө байланыштуу мурдагы «Кошчу» көчөсүнө Кировдун ысмы берилди. Кийин ал көчө айтылуу драматург Токтоболот Абдымомунов болуп өзгөртүлгөн.

Совет бийлиги орногондон кийинки он жылдан соң, мамлекет аз корголгон калк катмарына жардам көрсөтүүгө киришкен. Фрунзе шаардык жетекчилиги, 1928-жылы борбор калаада азиздерге жардам көрсөтүүнүн үч күндүгүн өткөрүп, кайрымдуулук иш 3-декабрда соңуна чыккан. Биринчи жолу майыптар үчүн 12 адамдык артель курулуп, анда иштеген адамдар тазалагыч буюмдарды чыгарууга киришишкен. Артелдин ишке киргизилиши шаардык базардын көркүн бузган тилемчилерден тазаланышына, кайыр сураган адамдардын азайышына өбөлгө болгон.

Кыргызстандагы биринчи кышкы лыжа базасы 1960-жылдын 3-декабрында ачылган. Лыжа базасы Воронцовка кыштагы менен Кашкасуу айылдарынын ортосундагы «XX лет Киргизии» атындагы жайкы пионер лагеринде орун алган. Кышкы спорт түрүнө таандык базада биринчилерден болуп «Алга» спорт коомунун спорт инвентарларды убактылуу колдонууга берчү күркөсү иштей баштаган.
XS
SM
MD
LG