Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

ОППОЗИЦИЯ ШАЙЛООНУН ШАЙТАН ОЮНДАРЫНА КАРШЫ МИТИНГГЕ ЧЫГАТ


Оппозициядагы саясий партиялар менен бир катар жарандык уюмдар Борбордук Шайлоо Комиссиясына ишеним көрсөтпөөнү чечишти. Мындай чечим «Ата Мекен» партиясы уюштурган «Таза шайлоо үчүн!» аттуу конференцияда 3-декабрда кабыл алынды. Конференцияда ошондой эле жер-жерлерде нааразылык акцияларына чыгуу демилгеси көтөрүлүп, буга байланыштуу эки-үч күн аралыгында калкка кайрылуу менен чыкмай болушту. Расмий бийликти колдогон тарап дооматтарда негиз жок деп, муну оппозициянын упай топтоо аракети катары баалоодо.

Оппозициянын жана жарандык уюмдардын тобу шайлоого камылгалар одоно мыйзам бузуулар менен жүрүп, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн административдик ресурстар болуп көрбөгөндөй колдонулуп жатат деп билдиришти. Оппозициялык лидерлердин билдиргенине караганда, БШК парламенттик шайлоого кесипкөй мамиле жасоого кудуретсиз болуп, «Ак жол» партиясынын гана камчысын чабууда.

- Мыйзам күнүнө бир сааттан кем эмес эфирдик убакыт берет. Биз аны эмдигиче ала элекпиз. Бизге берген график боюнча тиешелүү 15 сааттын ордуна бизге 5 саат беришиптир,- деп сынга алды БШКны «Ата Мекендин» өкүлү Чолпон Жакупова.

Лидерлер ошондой эле «Мекен», «Замандаш» өңдүү партиялардын тизмелерин каттабай коюшу, ошол эле мезгилде «Ак жол» партиясынын мыйзам бузуулар менен катталышы өңдүү мисалдарды келтиришти. Мындан тышкары жер-жерлерде административдик ресурстар ачык колдонулуп, өкүмзордук аракеттер жасалууда, шайлоочуларды ак-карага бөлүү, «Ак жол» лидерлеринин жолугушууларына бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин тартуу жергиликтүү бийликтин башкы милдетине айланды дешти. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү шайлоочуларды опузалоо аркылуу добуш топтоого баш коюшканын эскертишти. Мындай көрүнүштөрдү оппозициялык лидер Темир Сариев диктатуралык режимди орнотуунун элементтери катары баалады.

Оппозициялык дагы бир лидер Кубатбек Байболов мыйзамды тебелеп-тепсөөчүлүктү токтотуу үчүн элдин үнүн угуу зарыл деп билдирди. Кемчиликтерди айтуу менен чектелбей, мыйзам чегинде аракеттерди жасоого мезгил жеткендигин белгилеген конференция катышуучулары оппозициялык бир штаб түзүү демилгесин да көтөрүштү. «Ата мекен» саясий партиясынын маалымат катчысы Элегия Мусаеванын билдиргенине караганда, митингдер келерки жумада башталышы мүмкүн, бирок ал канчага созулары белгисиз:

- Негизи билдирүүлөрдүн, митингдердин максаты БШКнын мыйзамдуу иштешине жетишүү. Мурда да мыйзам бузуулар болгон, бирок мынчалык мыйзам бузуулар болгон эмес эч качан.

Конференцияга «Ак жол» партиясынан өкүл жана БШК мүчөлөрү келишкен жок. Конференцияга катышкан БШКнын аппарат башчысынын орун басары Дүйшөн Сатыбалдиев талашып-тартышууну ылайык көргөн жок:

- Расмий, жергиликтүү бийлик, саясий партиялар, коомдук уюмдар тарабынан кемчиликтер кетип жаткандыр, бирок биз мыйзамды жана Шайлоо кодексин сакташыбыз керек.

БШКга ишеним көрсөтпөө жана митинг өткөрүү боюнча элге кайрылуу демилгеси конференцияда бир добуштан кабыл алынды деп эсептелди. Конференцияга шайлоочу катары катышкан Мирлан Мотосмонов добуш берүү тартибине каршылык билдирди:

- Ким каршы же калыс экенин тактабай туруп эле бардыгы ушуга макул болду деген чечим чыгарып салганына мен нааразы болдум.

Конференция «Ата Мекен» партиясынын Бишкек кеңсесинде өтүп, ага «Мекен», СДП, «Эл добушу», «Асаба», Жашылдар партияларынын, «Демократия жана жарандык коом үчүн!», "Ар-намыс", «Таза табият», «Интербилим» баштаган жарандык коом лидерлери, эл аралык байкоочулар катышты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG