Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ЖАЛАЛАБАТ: «АТА МЕКЕНДИН» КӨРНӨКТӨРҮ ТЫТЫЛЫП, КОММУНИСТТЕРДИН ШТАБЫНА КОЛ САЛЫШТЫ


Облуста «Ата Мекен» партиясынын көрнөк-жарнактары тытылып, үгүт өнөктүгүнө тоскоолдуктар жасалууда. Жалалабат шаарында штаб ачууга макул болгондор партиянын туусу менен көрнөк-жарнактарын илүүгө макулдук беришпеген. Атамекенчилер бул окуяларга бийликтин тиешеси бар деп эсептешет. 2-декабрда белгисиз адамдар комммунисттик партиянын Алабука райондук шайлоо штабындагыларды коркутушуп, райондон чыгып кетүүнү талап кылышкан. Антпесе, штаб талкалана тургандыгын эскертишкен. Облбийликтин өкүлдөрү чырлуу окуялар партиялар арасындагы атаандаштыктан улам жаралып жаткандыгын белгилешип, Алабукадагы окуя боюнча компартияга күч уюмдарына кайрылууну сунуш кылды.

«Ата Мекен» партиясынын район-шаарлардагы үгүт иштерине тоскоолдуктар жасалууда. Базаркоргон жана Алабука районунда партиянын көрнөк-жарнактарын белгисиз адамдар түн ичинде жулуп кетишкен. Шайлоочулар менен жолугушуу маалында бейтааныш адам үгүт өнөктүгүн жүргүзгөн партиянын өкүлүнөн микрофонду жулуп алууга аракет кылганда ал тартип сакчыларынын колуна тапшырылган.

Партиянын облустагы төрага орунбасары Кадырбек Жакыповдун белгилешинче үгүт иштерине тоскоолдук кылгандардын ким экендиги аныкталгандан кийин уюм расмий билдирүү жасаганы турат:

- Үгүт материалдарын жулуп, элге маалыматты жеткирбей коюуга аракет кылуу менен мыйзамдын талаптары одоно түрдө бузулуп атат. Биз башка партияларга карата эч андай каршы аракет жасаган жокпуз, бирөөнүн үгүт материалдарына тийген жокпуз. Биздин илген көрнөк-жарнактарды жулуп кетип атышат.

«Ата Мекен» партиясынын Жалалабат жана Сузак аймагындагы штабына жай бермек болгон «Темирлан» кафесинин ээси кийин ал келишимден баш тарткан. Убадасынан айныган себебин түшүндүрбөгөн. Шайлоо штабынын маңдайына партиянын туусу менен көрнөк-жарнагын илүүгө уруксат берген эмес. Мындай окуяларды саясий уюмдун аталган аймактагы координатору Ильич Нарматов бийликтин иши деп баалады:

- Шаардагы илинип турган шиттерге бизге уруксат жок. Канчалык барсак дагы же мэр, же башкасы жок. Бизге уруксат алганга, жолугушканга эч кимисинин жүрөгү даабай атат.

2-декабрда көз байланган маалда коммунисттик партиянын Алабука райондук штабына чабуул жасалган. Бейтааныш кишилер эч кимден уруксатсыз штабдын маңдайындагы көрнөктү жулуп ыргытышып, компартиянын өкүлдөрүн район аймагынан чыгып кетүүнү талап кылышкан, антпесе, шайлоо штабы талкалана тургандыгын эскертишкен. Компартиянын облустагы 1-катчысы Тагайбек Жаркынбаевдин айтымында окуя ички иштер бөлүмүнө кабарланган:

- Алабукада биздин коммунисттер партиясынын биринчи катчысы Кайыпов Курманбекти саат сегиз жарымда Ауди-100 машинеси менен белгисиз адамдар келип, лозунгдарды жулуп, коммунисттер партясы бул жерден кеткиле, болбосо барын талкалайбыз деп кыйкырган экен. Курманбек Кайыпов ошол заматта органга берген, азыркы учурда орган иштеп атат.

Облбийликтин укук коргоо уюмдарын тейлеген бөлүм башчысынын орунбасары Муса Эргешов 3-декабрда иш күнү башталганга чейин коммунисттерге кол салуу болгондугу тууралу маалымат ички иштер уюмдарында каттала электигин билдирди. Анын пикири боюнча үгүт иштериндеги тоскоолдуктарга бийликтин тиешеси жок. Көрнөк-жарнактардын тытылышы партиялардын ортосундагы өз ара атаандаштыктан улам келип чыгуусу ыктымал:

- Партиялардын ортосунда үгүт иштери мезгилинде болгон мыйзам бузуулар боюнча арыз менен кайрылаган болсо, укук коргоо органдары карап берет. Бул жерде дагы бир нерсеге көңүл бурушубуз керек, партиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда да каршылык болуп калышы мүмкүн. Бүгүн бири плакаттарды илип кетсе, аны алып экинчи партия ордуна илгенге аракет кылып атат.

Жалалабат шаар башчысынын орунбасары Санам Нарматова «Ата мекен» партиясы көрнөк-жарнагын орнотуу боюнча расмий кайрылбаганын билдирди:

- “Ата мекен” партиясынан бул жерден бизге имарат бергиле, же ушул жерге рекламаларыбызды илебиз деген арыз, же кайрылуу болгон жок. Бул иш шайлоо кодексинин негизинде этияттык менен жүргүзүлүшү керек. Жергиликтүү бийлик бардык 12 партияга бирдей калыс мамиле жасап атабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG