Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:40

КӨКҮМБАЙ ТУРУСБЕКОВ: БШКга ДООМАТ АРТЫШКА ЭЧ КАНДАЙ НЕГИЗ ЖОК


Саясий партиялар жана жарандык уюмдар тарабынан БШКнын дарегине көптөгөн сын дооматтар айтылууда. 3-декабрда бир катар партиялар БШКга ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе көтөрүп чыгышты. “Азаттыктын” таңкы уктурууларында БШКнын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков катышып, БШКнын ишине карата айтылган сын-дооматтарга жооп берди.

- Азыр бюллетендер басылып чыгарылган “Учкун” концернинде уюштуруу иштери менен жүрсөңүз керек. Ал жерде даярдыктар тууралу кыскача токтоло кетсеңиз?

- Шайлоо бюллетендерин даярдоо аяктап баратат. Бардык бюллетендер басылып бүттү. Азыр аларды кесип, упаковка жасап, жер-жерлерге жеткирүү үчүн даярдык көрүлүп атат.

-Бюллетендердин сапаты кандай болду. Анткени өзүңүз билесиз, айрым саясий партиялардын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринин сапаты начар болуп атат деп кабатырлыгын билдиришкен эле?

- Шайлоо бюллетендеринин сапаты жакшы. Басылганы жөнөкөй кагазга басылды. Себеби биз мурун кагаздын бүт белгилери жашыруун болгон заказды Россиядан алчубуз. Бул сапар шайлоо тез арада болгон жатат. Биз заказды бергенде эки айга созулат экен. Эки айлык мөөнөттө жасай албаганына байланыштуу берген жокпуз. Көп жагынан коргоочу белгилери бар, краска жагынан 4 коргоо белгилери бар кагазга бастырып жатабыз, алар биздин талака жооп берет. БШКнын токтому менен кабыл алганбыз.

- Башкача айтканда, бюллетендерди башка жактан ушул сыяктуу көчүрүп жасоо коркунучу бар турбайбы?

- Андай коркунуч бар деп биз ойлогонбуз. Бирок төрт тараптан коргоочу белгилери бар деп айтып жатпаймынбы. Аны оңой менен башка жактан жасоого мүмкүнчүлүк жок.

- Жогоруда айтып кеттиңиз бюллетендер даяр болуп калды деп. Өзүңүз билгендей айрым саясий партиялар БШК Жогорку соттун чечимин күтпөй эле бюллетендерди басып чыгарганына нааразы болуп жатышпайбы. Алардын ушундай дооматына негиз барбы?

- Эч кандай негиз жок. Ошол саясий партиялар шайлоого тизмелерин бергенде 72-статьянын 3-пунктун бузушкан. Андан тышкары 25-статьянын 3-пунктун бузган. Ошонун негизинде талапкерлерди көрсөткөн тизмелерин туура эмес толтуруп бергенине байланыштуу көпчүлүк партиялардын тизмеси өткөн жок. БШКнын заседаниесинде каралды. Бизде атайын бир топ иштеп, шайлоого саясий партиялардын берген тизмелерин туура же туура эместигин тактады. Ошол топтун берген маалыматтарынын негизинде БШК жанагыдай чечим кабыл алып, кээ бир саясий партиялардын тизмеси өткөн жок.

- Мисалы, бюллетендер басылып баштаганда сот чечим чыгара элек болчу.

- Бюллетендер басыла баштаганда райондук соттордун чечимдери болгон. Азыр бир гана “Таза коом” анан “Замандаш” партиясынын арыздары Жогорку Сотто каралуусу гана басылып аткан убакытта болуп атат.

- Эгерде алардын арызы канаттардырылып калса, анда кандай болот?

- Арызы канаттандырылса баарыныкы эле бирдей да. Менин оюмча сот адилеттүү эле чечиш керек.

- Айрым саясий партиялар БШКна ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүшүүдө. Ушул боюнча пикириңизди билдирип кетсеңиз?

- Мен кечээ күнү интернеттен окусам, ошол жерде “Ата мекен”, “Асаба”, “Ар намыс”, “Жашылдар”, “Родина” партиялары БШКнын башчысына жана мүчөлөрүнө ишеним көргөзбөө боюнча интернетке маалымат беришкен экен. Мен ойлойм, бул жерде алар коюп жаткан маселе негизсиз. Себеби, БШК азыр даярдык гана көрүүдө шайлоого. Ал жерде жазышкан шайлоо фальсификацияланды деген сыяктуу айтышкан. Шайлоо 16-декабрда болот, ага чейин даярдык гана көрүлүп атат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG