Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:34

ЧОЛПОНАТАДА ЭМНЕ ҮЧҮН “АК ЖОЛ ЖОГОЛСУН” ДЕП КЫЙКЫРЫШТЫ?


Шайлоого ат салышып жаткан талапкерлердин Чолпоната шаарындагы жолугушуусу курч кырдаалда өттү. Айрыкча “Ак жол” партиясынын өкүлүнүн сүйлөгөнүн шайлоочулар да, талапкерлер да туура эмес көрүп, нааразылыгын билдиришти. Ошондуктан залдагы бул жолугушууга эл ичи чыкпай тараганын да белгилешти.

3-декабрь күнү Чолпоната шаарынын Чолпон театрына ал жердин муздактыгына карабай 300дөй киши чогулуп, Жогорку Кеңештин талапкерлеринин программаларын угушту. Эл көбүнчө “Ак жол” партиясы Бакиевдики катары кабылдаганын каттар аркылуу гана айтып, суроо бергенде партиянын Ысыккөл районундагы координатору Жапар Амантуров президенттин эмес, бирок бийликтин партиясы экенин ачыктап, өлкөгө келген трактор жана башка жардамдарды санап өттү. Партияга кирбегендердин “Аалам” партиясынын лидери Арсланбек Малиев Кыргызстан мындан Кытайга алданганын кыйытканда экөөнүн ортосунда талаш-тартыш чыгып кетти.

- Тракторлор Кытайдан келди. Кандай бөлүштүрдү көрдүңөр. Мен 5-6 жолу айткам, туура бөлүштүгүлө деп, - деди эле А. Малиев, “Ак жолдун” координатору “Ош, Чүй деп бөлүнгөнүңүз туура эмес” деп жар салганда, эл ага ишенбей “Ак жол” жоголсун!” деген сүрөөндөрдү кыйкырып айтышты.

Элдин кыйкырыгынан кийин калган партияларга суроо деле берилген жок. “Ар намыс” менен “Ата мекендин” өкүлдөрү президентке чексиз бийлик берилгенине каршы экендиктерин, мурунку Акаевден азыркы президенттин укугу 13-пунктка көбөйүп кеткендигин белгилешти.

- Бизди шайласаңар, президенттин өзүнө эмес, анын системасына каршыбыз, ошону шашпай демонтаж кылганга даярбыз, - деп Конституцияны өзгөртөөрүн билдиришти.

Ошондой эле “арнамысчылар” аймактан топтоло турган жарым пайыз боюнча дагы жакында чоң чыр башталаарын да эскертти.

XS
SM
MD
LG