Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:18

БАЙСАЛОВ ЖАРЫШТАН ЧЫГАРЫЛДЫ, БЮЛЛЕТЕНДЕР БҮТ ЖАРАКСЫЗ БОЛДУ


Шайлоо бюллетендеринин сүрөтүн жарыялап жибергендиги үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Э.Байсаловду СДПКнын шайлоо тизмесинен чыгарып, 2 миллион 700 миң бюллетенди СДПКнын эсебинен кайра басып чыгарууну чечти.

4-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чукул жыйыны болду. Анда 16-декабрдагы добуш берүүгө даярдалган бюллетендерди жок кылуу жана ушундай чечим кабыл алууга алып келген Эдил Байсаловду Социал-демократиялык партиясынын тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. БШКнын чукул жыйынына башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болотбек Ногойбаев да катышты.

БШКнын чукул жыйын чакыруусуна интернетте 16-декабрда парламентик шайлоодо добуш берүүгө даярдалган бюллетендин үлгүсүнүн жарыяланып кетиши себеп болду. Жыйында айкын болгондой, «Учкун» басмаканасында басылып жаткан бюллетендин сүрөтүн БШКнын кеңешмелерине катышуу укугу бар мүчөсү, Социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов алып, өзүнүн интернет баракчасына жарыялап жиберген.

Бюллетендин үлгүсүнүн интернетке чыгып кетүүсү добуш берүүнүн жашыруундугун бузууга, жасалма жолдор менен бюллетендерди чыгарууга, анын натыйжасында фальсификацияга, парламенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн күмөн астына коюуга алып келери БШКнын жыйынында белгиленип, өтө опурталдуу кырдаал түзүлгөнү айтылды.

Ошондуктан басып чыгарылган 2 миллион 700 миң бюллетенди комиссиянын көзөмөлөнүн астында жок кылуу, басууга кеткен чыгымды Социал-демократиялык партиядан төлөтүп алуу жана Эдил Байсаловдун жасаган ишинин мыйзамдуулук жагын текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу чечими кабыл алынды.
Чечим кабыл алуу жана маселени талкуу учурунда, Социал-демократиялык партиянын тизмесинде 13 болуп бараткан Эдил Байсаловду тизмеден чыгаруу сунушу түштү. Аны БШКнын төрайымы Клара Кабилова добуш берүүгө алып чыкты.


СДПКнын ыйгарым-укуктуу өкүлү Галина Скрипкина болсо Байсаловду тизмеден чыгаруунун ушундай жол менен чечилиши мыйзамдуулукка туура келбесин айтып чыкты:

-Эдил Байсаловдун талапкерлигин жокко чыгаруу маселеси добушка коюлушу туура эмес. Биринчиден, азыркы кезге карай Байсаловдун күнөөлүү экендиги жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.Анын күнөөсү тергөөдө аныкталып, сотто далилдениш керек. Ошондуктан Байсаловду тизмеден чыгарууга негиз жок.

Ага БШКнын мүчөлөрү каршы болуп, Байсалов өзүнүн мыйзамсыз ишин азыр эле мойнуна алды деп чыгышты. БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева буларды айтты:

-Мен дагы бир жолу кайталаймын. Ал Кодексти бузууга барды. БШКны ушундай жаман абалда калтырды. «Учкун» басмаканасынын кызматкерлери бюллетендерди кайра басып чыгарууга мажбур болушат. Мына ушундай чектен чыккан иштер жасалып жатса, сиз БШКнын акысы жок дейсиз. Мен сиз менен такыр макул эмесмин.

Эдил Байсалов жасаган ишин мойнуна азыр эле алганын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Ногойбаев, башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев да кошумчалады.

Андан кийин маселе добуш берүүгө коюлуп, Эдил Байсалов СДПКнын тизмесинен чыгарылды. Ошондой эле БШК сотко кайрылып, СДПК партиясынан 2 миллион 700 миңден ашуун бюллетенди басууга кеткен чыгымды төлөтүп алуу чечими да кабыл алынды. БШКда айтылган маалыматка караганда, бюллетендерди басып чыгаруу үчүн 27 миллион сом сарпталган.

Э.Байсалов өзүнүн СДПКнын тизмесинен чыгарылышын саясий чечим катары баалап, БШКны сынга алганы үчүн ушундай кадам жасалды деген пикирин билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG