АКШнын улуттук чалгындоо кызматына караштуу 16 мекеме биргелешип даярдаган документте Иран өзөктүк курал даярдоо аракетин 2003-жылы токтоткон деген ишеничтүү маалыматтар бар экени айтылат. Андан улам АКШ Сенатындагы демократтардын лидери Харри Рейд Вашингтон эми Иранга карата саясатын өзгөртүп, мурдагы президент Роналд Рейган экс-Советтер Союзу менен тил табышкандай, Тегеранды муютушу керек деп билдирди.
Бирок, АКШ жетекчилиги Конресстин бул айткандарына оңой эле моюн сунчудай эмес. Вашингтон чалгындоо кызматынын ушул эле докладында Иран өкмөтү өзөктүк курал даярдоо мүмкүндүгүн ачык калтырып, аны кайсы бир жетекчисинин оюна келген күнү баштоого даяр турганы тууралуу маалыматка басым жасайт. Ушундай көз карашты дүйшөмбүдө АКШ президенти Жорж Буштун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Стивен Хадлейдин айткандары ырастайт.
- Бул доклад биздин Иран өзөктүк курал даярдоого умтулууда деген тынчсыздануубузду бышыктайт. Бир жагынан алганда, докладда айтылгандай, биздин Ирандын ал ниети ишке ашпасын деп жасап жаткан аракеттерибиз бекер кетпептир. Ошол эле маалда документ Ирандын кооптуу курал даярдоо аракети дале өтө олуттуу проблема экенин тастыктайт.
Ошентип, Хадлей Вашингтондун Иранга кысым көрсөтүү стратегиясы туура саясат деген пикирин билдирди. Германия менен Франциянын жетекчилери жакында эле АКШны кубаттап, башка Европалык мамлекеттерди Тегеранга каршы санкцияларды колдоого үндөй турганын айтышкан. АКШнын чалгындоо мекемелери жарыялаган жаңы докладдан улам алардын көз карашы өзгөрүшү мүмкүнбү? Германиялык Иран боюнча эксперт Хеннер Фөртигдин пикири:
- Бул маселе туурасында канцлер Ангела Меркель менен өлкөнүн тышкы иштер министри Фрэнк-Уолтер Штайнмейердин көз карашында чоң айырма бар. Штайнмайер бүгүн жарыяланган интервьюсунда: Иран боюнча менин айткандарым туура болгон, бул жерде сүйлөшүү, сунуштар жана кысымды бирдей жүргүзүү керек деп белгилейт. Министрдин айткандары канцлер айымдын пикирине каршы болуп жатпайбы.
Европалык эксперттер негизинен Вашингтондо жарыяланган жаңы маалыматтарды жакшылап текшерүү керек деп басым жасоодо. Париждик адис Денис Бошер эгерде АКШнын чалгындоо кызматынын маалыматы так болуп чыкса, Иранда эмне болуп жатканын билүү канчалык кыйын экени дагы бир жолу бышыкталат деген пикирде.
Доклад, албетте, буга чейин Иранга каршы санкциялар киргизүүнү колдобой келаткан Орусия менен Кытайдын арсеналына кошумча аргументтер тартуулайт. Айтор, АКШнын чалгындоо кызматынын доклады Американын өзүндө жана эл аралык деңгээлде кызуу талаш-тартыш жаратчу документ экени талашсыз.