Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

КОШМО ШТАТТАРЫ ОРУСИЯНЫ ШАЙЛОО КЕМЧИЛИКТЕРИН ОҢДООГО ЧАКЫРАТ


Орусияда жекшембидеги шайоого байланыштуу коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоолор тууралуу көп сандаган кабарлар келип түшүүдө. Ушундан улам Британиянын өкмөтү менен кошо Кошмо Штаттары да орус бийликтерин шайлоодогу эреже бузууларды иликтөөгө чакырды. Бул жаатта "Азаттык" Мамлекеттик катчынын Европалык жана евразиялык иштер боюнча орун басар жардамчысы Давид Крамерге бир катар суроолор менен кайрылды.

Крамер: – Орусияда бийликтер эреже бузуулар тууралуу кабарларга олуттуу мамиле жасап, аларды иликтейт деп үмүттөнөбүз. Тилекке каршы, Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюмунун шайлоолорго байкоо жүргүзгөн кеңсеси Орусиянын тоскоолдуктарынан улам шайлоого өз байкоочуларын жибере албай калды. Ошол эле мезгилде EККунун парламенттик Ассамблеясы билдирүү жасаганын, жана анда айтылган сын-пикирлер негиздүү экендигин айта кетишибиз керек.

Aзаттык: Оппозиция лидери Гарри Каспаров эл аралык байкоочуларды жекшембидеги окуяларды "шайлоо" деп мүнөздөөдөн сак болууга чакырды. Сиз бул шайлоо болгон жок дегенге кошуласызбы?

Крамер: Анча катуу кеткен туурабы билбейм. Бирок башка жакшыраак термин жок болгондуктан, бул шайлоо болду, элдер добуш бергени барды, бирок шайлоо өнөктүгү тушунда, ал трган шайлоо күнү да айрым олуттуу проблемалар орун алды деп ойлойм.

Aзаттык: Германияда Берлин өкмөтүнүн маалымат катчысы "Орусия демократия болуудан калды" деп айтты. Вашингтон да ушундай деп айтууга даярбы?

Крамер: Бир Орусияда жекшембиде Думага шайлоо боюнча гана эмес, жалпы эле ички окуялар тууралуу тынчсыздануу билдирип келатабыз. Мисалы бизди бийликтин өтө борбордошуп баратышы, бейөкмөт уюмдарга, оппозицияга кысым, журналисттерди куугунтуктоо жана өлтүрүү сыяктуу маселелер тынчсыздандырат. Менимче биз сын атоочтор боюнча талкууга же эмне болгондугунун так мүнөздөмөсүн табууга убакыт кетирбешибиз керек. Бирок биз өз санаркообузду жетиштүү эле ачык билдирдик.

Aзаттык: Тынчсызданууларды кимге билдирдиңер?

Крамер: Биз өз тынчсызданууларыбызды биздин элчилик тарабынан Вашингтондогу орусиялык өкүлдөргө колмо-кол тапшырып, брифингдер жана башка жолдор менен билдирип жатабыз. Дипломатиялык алакаларда да, коомдук билдирүлөрдө да биз өз позициябызды ачык билдирди.

Aзаттык: Анан жооп болдубу?

Крамер: Бул комментарийлерге кандай жооп болоорун дагы көрө жатабыз. Өзүңөр белгилегендей, Кошмо Штаттары гана эмес, Германиянын, Франциянын, Европадагы дагы башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү өз тынчсызданууларын ачык-айрым билдиришти. Биз өз тынчсыздануубузду билдирдик, жекшембиде эмне болгонун көрдвк, эми март айында президенттик шайлоо болот. Анда орус бийликтери акыркы бир нече айда орун алган окуяларга тийшелүү баа берип, ал кемчиликтердин айрымдарын болсо да четтетүүгө аракеттенет, айтылган тынчсыздануулардын айрымдарына жооп берилет деп үмүттөнүп жатабыз.

Aзаттык: Орусиянын Компартиясынын жетекчиси Геннадий Зюганов "шайлоо СССР кулагандан кийинки эң акыйкатсыз добуш берүү болду деп айтты. Aйрымдар Орусия бир партиялуу системага кайтты деп жатышат. Вашингтондун буга пикири кандай?

Крамер:Бул шайлоону башка шайлоолорго салыштыруунун ордуна биз жекшембиде эмне болгонуна, жакын ара боло турган башка окуяларга көбүрөөк көңүл бурганыбыз оң. Коммунисттик партия азыраак добуштар менен болсо да парламентке өттү. Дагы эки партия өттү, алар Бирдиктүү Орусия партиясынан канчалык өзгөчөлүү экенин билбейбиз. Бирок биз бул жааттагы тынчсыздануубузду айта беребиз. Менимче, Кошмо Штаттарынын позициясынан эч ким күмөн санабаш керек. Биз Орусиянын күчтүү, демократиялык, базар мамилелерине багып алган, эл аралык коомчулукка толук интеграциялашкан өлкө болушун каалайбыз. Акыркы 5-6 жылда Орусия экономикалык жактан көтөрүлдү. Бирок биз саясаттагы айрым өзгөрүүлөр тынчсызданууну туудурууда жана биз алар тууралуу ачык айтып жатабыз.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG