Партиялардын ынандыргандарына караганда, жер-жерлерде административдик ресурстар болуп көрбөгөндөй ачык пайдаланылууда, Кыргызстан аймагына толук көрсөтүлүүчү мамлекеттик телекөрсөтүү менен радиоуктуруудан акы төлөнгөн жана төлөнбөгөн эфирдик убакыт бөлүүдө бир гана «Ак жол» партиясына артыкчылык берилүүдө.
Үгүт иштери башталган алгачкы он күн аралыгында Бишкекте, Кантта, Ысыккөлдө, Кадамжайда, Ноокатта, Жалалабадда, Таласта коркутуулар, кысымдар болгондугун «Ата мекен», «Асаба», Коммунисттер, Социал-демократтар партияларынын өкүлдөрү маалымдашты.
БШК мүчөлөрү, бийликтин бардык баскычтарындагы жетекчилер жана милиция кызматкерлери шайлоого кысымдар болуп жаткандыгы жөнүндөгү маалыматтарды четке кагышып, муну партиялардын өз ара атаандаштыгынын туундусу катары сыпатташууда.
Анткен менен шайлоого көз салган талдоочулардын бири Марат Казакбаев бийлик шайлоо мезгилинде ар кандай нааразылык акцияларынын алдын алуу чараларын көрүүгө кызыкдар деп билдирди. Анткени, эл аралык уюмдар, байгер мамлекеттер Кыргызстан менен ар кандай экономикалык, саясий алакаларды мамлекеттеги кырдаалдын туруктуулугуна жараша түзөт.
Бурулкан Сарыгулова, «Азаттык»