Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: БШК ӨЗ КАТАСЫ ҮЧYН МЕНИ ЖАЗАЛАГАН ЖАТАТ


Эдил Байсалов аны СДПКнын шайлоо тизмесинен чыгаруу жөнүндө БШКнын чечими мыйзамсыз деп билдирди. “БШК бюллетендерди Шайлоо Кодекси талап кылгандай атайын кагазга бастырган жок, анын так санын да эч ким билбейт. Мен бул жөнүндө далай жолу сын айтып келаткам. Менин сын айткан пикирим үчүн БШК мени сяасий жазалоого алып, саясий кысым көрсөтүп жатат”,- деп билдирди Эдил Байсалов “Азаттыкка” берген маегинде.

-Сиз буга чейин бир катар шайлоолордо байкоочу катары тажрыйбаңыз топтолуп калган эле. Анан ушундай калпыстыкка кантип жол бердиңиз? Эмне себептен бюллетенди интернет баракчаңызга жайгаштырууну чечтиңиз?

- Бюллетен Шайлоо кодексине ылайык атайын кагазга басылган жок, өзүм ошого күбө болгом. Бир канча жолу мен сын айтып келгем. Кечээ күнкү БШКнын жыйынын деле көрсөңөр, “бул мындай сын, пикир айтты эле, ошол үчүн жазалансын” деп БШКдан ачыктан-ачык эле менин пикир айткандыгым үчүн, позиция, критикам үчүн, керек болсо акыркы шайлоолорго эле эмес, шайлоолордон тышкары деле жалпы саясий абалды сындаганым үчүн саясий жазалоого, куугунтукка учурап атам.

-БШКнын сизди партиянын тизмесинен чыгаруу жана бюллетендин чыгымдарын KСДП төлөп берсин деген чечими канчалык мыйзамдуу деп ойлойсуз?

- Бул мыйзамсыз. Анткени мыйзамды өздөрү бузган, башынан эле бюллетендерди туура эмес жөнөкөй кагазга басып койгондугу мурунтан эле мыйзамсыз болчу. Мурунтан эле кайра чыгарылып чыгыш керек эле. Ошондуктан булар өздөрүнүн катасын КСДПнын, менин мойнума илгендиги, албетте, мыйзамга да, логикага дагы жатпайт. Мени тизмеден чыгарып койгондугу да мыйзамга жатпайт. Анткени шайлоо кодексинде кайсы себептер менен талапкердин каттоосу жокко чыгарыла тургандыгы так жазылып турат. Ал эми кечээги жыйында менин эмне күнөө кетиргендигим, эмне факты болгондугу аныкталган жок.

-Эгерде сот БШКнын пайдасына чечип, бюллетендин чыгымдарын партияга жүктөп койсо, аны ким төлөйт деген суроо туулат?

- Партиянын акчасы жок, Эдил Байсаловдун да акчасы жок. Мындай акчаны биздин мойнубузга жүктөп койгондугу туура эмес. Биз сотто далилдейбиз, бизден күнөө кеткен жок. Өздөрү мыйзамды бузуп алып, кайра бизге шылтаганы уят.

- Бирок сизде сот чындыгында эле адилет чечим чыгарат деген ишеним барбы?

- Биз баарыбыз эле көрүп турабыз, канча жылдан бери соттор болобу, шайлоо комиссиясы болобу мыйзамга таянбастан саясий максаттар менен жетектелет. Эми эмне болсо дагы биз өзүбүздүн укуктарыбыз үчүн күрөшөбүз.

-Бул окуя боюнча партиянын лидерлери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Бабановдордун позициясы кандай болууда?

- Азыр бардыгы тарап региондордо жүрүшөт. Кечээ күнү Роза Отунбаева, Бешимов, Жээнбековдор Базаркоргондо митинг өткөрүп жүргөндө, ал жактан биздин жетекчилерге кол салуу болду. Эми 2-3 күндө бардыгы чогулушу керек. Бирок бүгүн эле юристтер менен кеңешип, КСДП сотко кайрылмакчы.

- Маегиңизге ырахмат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG