Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ КАНДАЙ ДОБУШ БЕРЕТ?


Чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандары үчүн БШК 30 миң даанага жакын бюллетен бөлөт. Добуш берүү элчилик, консулдук кызматтарда уюштурулат. Эгерде байкоочулар, участкалык комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдугу болсо Россиядагы курулуш обьектилеринде жана базарларда да добуш берүү уюштурулушу ыктымал.

Эмгек мигранттарынын добуш берүүсүн уюштурууга байланыштуу ноябрь айында Россияга жумуш сапар менен барып келген БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошева айтымында, чет өлкөлөрдө 38 шайлоо участкасы жана алардын көпчүлүгү Россия жана Казакстанда ачылат. Жолдошева ошондой эле добуш берүүнү жеңилдетүү үчүн курулуш обьектилерине жана базарларга көчмө комиссиялар бараарын ачыктады. Бирок ушул кезге чейин эмгек мигранттары үчүн канча бюллетен бөлүнөөрү ачык айтылган эмес.
Жылдыз Жолдошеванын 5-декабрда билдирүүсүнө караганда, бул маселе учурда такталды:

-Элчиликтерде, консулдук башкармалыктарда 38 шайлоо участок ачылган. Кошумча бюллетендерди кошкондо 29 миң 614 бюллетен даярдоого буйрутма берилди. Ар бир участкалык шайлоо комиссияларына кээ бир партиялар өз өкүлдөрүн киргизе алды. Ошондой эле алар байкоочуларды жөнөтө турган болушту.

Жылдыз Жолдошеванын айтымында, көчмө шайлоо комиссияларын уюштуруу дагы эле мүмкүн. Бул үчүн шайлоо комиссиясынын жана байкоочулардын өз ара макулдашып, биргелешип аракеттениши керек.
Эмгек мигранттарынын добушу кайсы бир регионго тийиштүү болбойт. Бирок 5% тосмону ашып өтүүдө эсепке алынат.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясы БШКнын базарларда добуш берүүнү уюштуруу аракетин мыйзамсыз деп, Биринчи май райондук сотко кайрылган. Райондук сот шаршемби күнү маселени карады. Анын жыйынытыгы тууралуу коалициянын лидери Динара Ошурахунова «Азаттыкка» айтып берди:

-Базарларда шайлоочулар добуш бере албайт. Дүйнө боюнча андай норма жок. Бирок ага карабай Биринчи май райондук соту биздин арызды четке кагып, Борбордук шайлоо комиссиясынын (базарларда көчмө добуш берүүнү уюштуруу боюнча) жобосун калтырып койду.

Ошурахунованын пикиринде, Россиянын базарларында көчмө шайлоо комиссиялары уюштурулса, анда баарына тегиз карап, Бишкектеги Дордой, Ош базарларында да андай комиссиялар уюштурулуш керек.

«Негизи БШКнын базарларда добуш берүүнү уюштуруу демилгесине каршыбыз жана Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз»-, деп белгиледи Динара Ошурахунова.

Азыркы кезге чейин Россия жана Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын саны жөнүндө так маалымат жок. Ар кандай маалымат булактары 300 миңден 1 миллионго чейин эмгек мигранттары бар экендигин айтып келет. Мигранттардын саны айкын болбосо да алардын Кыргызстанга жөнөткөн акчасынын өлчөмү тууралуу тагыраак маалымат чыгууда. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, быйылкы жылы кыргыз мигранттарынын мекенине салган акчасы 1 миллиард долларга жетип, же кошумча дагы бир бюджет болууда. Ошондой эле ал сумма ички дүң продуктынын 27.4% түзүүдө. Ал эми мигранттардын добуш берүүсүнө бөлүнгөн бюллетендин көлөмү болсо жалпы 2 миллион 700 миңден ашуун бюллетендин 1% көбүрөөгүн түзүп, же 29 миң 614 даана болмокчу.

Жылдыз Жолдошеванын пикиринде, бул аз. Бирок маселе ушундай чечилип калды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG