Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

МИЛИЦИЯ КҮЧӨТҮЛГӨН РЕЖИМДЕ ИШТӨӨДӨ


1-декабрдан бери парламенттик шайлоо өнөктүгүнө карата коомдук тартипти камсыз кылыш максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Ал эми “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн пикиринде ички иштер кызматкерлери коомдук тартипти сактоонун ордуна үгүт иштерине жолтоо болуп, укугунан ашкере пайдаланууда.

Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнө карата ички иштер кызматкерлери 1- декабрдан бери күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Ал эми шайлоо күндөрү коомдук тартипти толук камсыз кылыш үчүн казармалык режимге өтүшөөрүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов “Азаттыкка” маалымдады.

- Шайлоо күнү милиция кызматкерлерин шайлоо участкаларына бөлүштүрүп жибергенде кылмыштуулукка каршы күрөш солгундап кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан өлкөнүн бардык облустарында милиция казармалык режимде иштемекчи. Ар бир шайлоо участкасында тартип сакталыш керек да. Милиция кызматкерлеринин бардыгын шайлоо участкаларына бөлүштүрүп жиберсек, кылмыштуулукту көзөмөлдөөгө калган кызматкерлердин баары тартылат. Ошондой эле коомчулуктун жардамы менен коомдук тартипти сакташыбыз керек. Шайлоого даярдык мезгилинде тартип бузуулар азайсын үчүн чоң-чоң операцияларды жүргүзүп жатабыз. «Издөө», «Тартип», «Арсенал» деген операцияларды катар-катар өткөздүк. Шайлоо жакындап калганда кылмыштар болбосун деп күчтөтүлгөн режимде иштеп жатабыз.

Өлкөдө канча милиция кызматкери бар экендиги мамлекеттик сыр катары ачык айтылбайт. Бирок, парламенттик шайлоо учурунда коомдук тартипти коргоо максатында беш миңден ашуун ички иштер кызматкери көзөмөлгө алышаары анык.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шайлоо өнөктүгү убагында кылмыштуулукту азайтуу үчүн катуу режимде иштеп, түрдүү рейддерди уюштуруп, паспорттук текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат:

Шайлоо учурундагы милициянын орду жөнүндө карапайым адамдардын ою кандай болду экен? Бишкек шаарынын тургуну Динара Карыбаева милиция кызматкерлери абдан сак болушу керек дейт:

- Шайлоо убагында милиция аябай сак турушу керек. Бийлик менен оппозиция тирешкен кезде ортодон үчүнчү күчтөр өрт чыгарып ийиши мүмкүн.

Бишкектик Алмаз Кудайбергенов болсо тартип коргоо органдарын шайлоо убагында калыстыкка чакырат:

- Милиция бийликтин камчысын чаппай, калыс иштесе эле чыр-чатак күчөбөйт. Чыр-чатактарды тартип коргоо органдары кээде өздөрү калыстык кылбай күчөтүп жиберет.

“Ата мекен” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Темир Сариев МАИ кызматкерлери үгүт иштерине тоскоол болуп, автоунааларга орнотулган үн күчөткүч аппараттарды иштетпей, алар шайлоо кодексин одоно бузуп жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов автоунааларга үн күчөткүч аппараттарды орнотуп, үгүт иштерине пайдалануу үчүн МАИ кызматы менен мурда макулдашып, багыттарын аныктап, алардын уруксаатын алуу зарылдыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG