Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

АТЫЛГАН ОКТУН ЖАҢЫРЫГЫ


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ырасташынча, быйыл жыл башынан бери 282 кылмыштын бети ачылган. Уюшкан кылмыштуу топтун 75 мүчөсү кармалып, алардын элүү алтысы жазага тартылды. 8 буюртма киши өлтүрүүнүн экөөнөн башкасы ачылган. Тергөөчүлөр белгилүү журналист Алишер Саиповду аткан шектүү эки адамдын сүрөтүн көрсөтүп, алардын кимдиги иликтенип жатканын билдиришти.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев буюртма киши өлтүрүүлөргө байланышкан кылмыш иштер тергелип, айрымдары сотко өткөрүлүп жатканын маалымдады. Аны министрликтин кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчи орунбасары Зарылбек Рысалиев да ырастап, парламент депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин атып өлтүрүлүшү толук иликтенип, кылмыш иши сотко жөнөтүлгөнүн айтты.

- Бул иш сот органдары аркылуу каралып, кармалган кылмышкерлер өз жазасын алат деп биз азыр 100% ишенип олтурабыз.

М.Турганбаев жакынкы күндөрдө белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин атып өлтүрүлүшүн иликтеген кылмыш иши аягына чыгарын, ошондой эле парламент депутаты Баяман Эркинбаевдин киши колдуу набыт болушун иликтөө-тергөө иштери улантылып жатканын кабарлады. Башкармалык жетекчиси Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобу негизинен жок кылынганын, азырынча кылмыш иликтөөчүлөрдүн колуна баш калкалап чет жерде жүргөн эки адамы гана түшө электигин билдирди.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жететекчиси М.Турганбаев ушул жылдын 24-октябрында киши колдуу набыт болгон журналист Алишер Саиповду атты деген шектүү эки кишинин дарек-дайны такталып жатканын маалымдады.

- Бул сүрөт ошол атып өлтүрүү болордон бир күн мурун тартылган. Айтып жатпаймбы, А.Саипов өлтүрүлгөн жерде фирмалар бар экен. Ошол жерден бирөөлөр шектенип буларды сүрөткө тартып коюшкан.

Кылмыш ишти иликтөө маалында А.Саиповдун кесиптик кызыкчылыгына байланышкан жагдайлардын бардыгы текшерилип жатканы кабарланды.

- Азыр кармалып жаткан баракчалар ошол жерден чыгып турганбы деп биз азыр шек алып жатабыз. Биздин жаран болуп башка өлкөнүн саясатын сындап, саясатына кийлигишкен.

Орусиялык «Мемориал» укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономарев тергөөнүн алдагыдай кинеси алакан жайгандан башкага жарабайт, деген пикирде.

- А.Саиповдун атып өлтүрүлүшү аны билгендерди «селт» эттирген оор окуя болду. Экинчи айран калтырган нерсе Кыргызстандын мыйзам сактоо органдарынын ойго келбес жоромолдору болууда.

«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин ырасташынча, кесиптик милдетин аткарган журналистке саясий кине тагуу туура эмес.

- Бул адамдар менен сүйлөшкөн, тиги менен тааныш болгон деп күнөө коюу, менимче, туура эмес. Журналисттик кесип ошондой. Анан кайсы бир кишилер менен сүйлөшкөнү үчүн эле ага саясий баа берүү өтө аша чаап кеткендик болуп калат го.

Укук коргоо органдары ушу тапта жыл жыйынтыгын чыгарышууда. Алардын маалыматына ынансак, быйылкы 10 айдын ичинде Кыргызстанда 20 миңден ашуун кылмыш иштери жасалган. Ачылган кылмыш иштердин саны 16 миңге чамалап барат. Өкүнткөн жагдай, кылмыш иштеринин теңинен көбүрөөгү гана окуянын изи сууй электе ачылганы.

XS
SM
MD
LG