Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:25

6-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз автономиялык область жетекчилиги 1925-жылдын 6-декабрында ВЦИК Президиумуна автономиялык областтын статусун өзгөртүү сунушу менен кайрылды. 1918-жылдын бу күнү Таласта кулактардын козголоңу чыккан.

Кыргыздын Кажыбай Ныша, Муса жана Качыбек Шералин бийлери 1824-жылдын 6-декабрында Омск шаар башчысы Семен Богдановичке кат жолдошкон. Кыргыз бийлери шаар башчыдан Омскиге жиберилген кыргыз элчилигин падышага жөнөтүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүшкөн. Кыргыз элчилери-Абылгазы, Токтогул Ишенбаев менен Сарпбек Ишеновдор Омск шаарына келип, алар орус бийлигинен букаралык сураган бийлердин катын орус императоруна алып бармак. Мындан тышкары, бийлер буга чейин кыргыздар тарабынан тонолгон кербенди табыш үчүн орус аскерлеринин жиберилишин өтүнүшкөн.

Кыргыз автономиялык область жетекчилиги 1925-жылдын 6-декабрында ВЦИК Президиумуна автономиялык областтын статусун өзгөртүү сунушу менен кайрылды. Кыргызстандык саясатчылар область автономиялык республика деңгээлине көтөрүлүп, өз алдынча бийлик жүргүзүү укугуна жетишин каалаган жана кыргыз жетекчилиги республикалык статус алуу саясатын туруктуу жүргүзүп келген.

Кыргызстандыктардын кайрылуусу бир жылдан кийин, ВЦИКтин III сессиясында канаатандырылган жана ал кыргыз мамлекттик салтынын калыптанышына зор салым кошкон.

1918-жылдын бу күнү Таласта кулактардын козголоңу чыкты. «Бишкек-Москва» рейси менен учкан «Россия» авиакомпаниясынын эки самолету, 2002-жылдын 5- декабрдын түнү Казакстандын Ак-Төбө шаарына конууга аргасыз болду. Ил-62 үлгүдөгү самолеттор Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган визитин коштогон делегация өкүлдөрүн тейлеп, аларга күйүүчү майды Бишкектеги «Манас Интернешнл сервис» компаниясы куйган. Россиялык маалымдоо каражаттары абадагы экстремалдык абалдын жаралышына сапатсыз күйүүчү май себеп болгондугун кабарлашты.

АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг менен Кыргызстан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев 2004-жылдын 6-декабрында Шайлоо меморандумуна кол коюшту. Меморандумда каралгандай, Кошмо Штаттар кыргызстандык шайлоочулардын бармагына сүртүлчү боек, ага керектелчү жабдууларды жана аларды пайдалануу үчүн батареяларды сатып алууга каражат бөлмөк милдетин алды. Мындан тышкаары, америкалык адистер шайлоо комиссия мүчөлөрүнө тренинг уюштуруп, бармак белгисинин чоо-жайын коомчулукка түшүндүрмөй болду.

Бу күнү, 1240-жылы монгол аскерлери Киевге кирип, шаарды талкалап, 1735-жылы Иван Моторин 200 тонналык Царь-колоколду куюп, 1884-жылы Джордж Вашингтон монументи бүткөрүлүп, 1917-жылы Финляндия эгемендик алып, 1923-жылы «Вечерняя Москва» гезитинин биринчи саны жары көргөн.
XS
SM
MD
LG