Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, бойкот жарыялоо мүмкүнчүлүгү айтылып жатканга карабай, «Асаба» партиясы шайлоо өнөктүгүнөн чыгып кетпейт. Бойкот бийликтин административдик ресурсту пайдалануусуна каршы жасалашы керек. «Асабанын» активисттеринин бири Назаркул Жоошбаев бойкот маселеси тууралуу буларды билдирди:
-Ал «Асаба» партиясынын ачуу чыңырыгы болуп жатат. Мисалы, биздин партияга, башка саясий партияларга бийлик тарабынан көп тоскоолдуктар болуп жатат. Бул биринчиси. Экинчиси, таза шайлоо болобу-болбойбу бул дагы күмөн да. Азыркы кезде маалымат каражаттарында партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилбей жатат .
«Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, шайлоого бойкот жарыялоо демилгеси шайлоо өнөктүгүнүн башында эле көтөрүлгөн жана «Арнамыс» андай кадамга барууга каршы эмес:
-Бойкот жарыялаганга негиздер бар. Анткени шайлоо мыйзамсыз өткөнү турат. Ошого карата бийлик ар кандай ыкмаларды жасап жатат. Мисалы, жолугушууларга жол бербей, УТРКдан жакшы убактарды ээлеп алып, үгүт иштерин жүргүзүлүшүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат.
«Ата мекен» партиясы бойкотко кошулса, элдин ишеними өчмөк деген партиянын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов буларга токтолду:
-Эгерде биз андай чечимге бара турган болсок анда «Ак жолдун» оң канаты, сол канаты пайдаланып кетчүдөй болуп турат. Эгерде жалпы «Ак жолдон» башкасы бойкотко макул болсо, анда биз барат элек. Андай болбогондуктан үгүт ишиндеги тоскоолдуктарга карабай «Ата мекен» акыр аягына чейин күрөшүүгө даяр.
«Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев партиялардын үгүт иштерин жүргүзүүсүнө эч кандай тоскоолдук жок экенин айтып, баары партиялардын уюштуруу иштерине жараша экенин белгиледи:
-Ошол эле оппозициялык партиялардын бардыгы биз чогулуш өткөргөн жерлерге катарлаш жолугушууларды өткөрүп жүргөнүн угуп жатабыз. Кечээ келип кетишти, мурдагы келип кетишти деп жатышат. Ал жерлерде татаалдык чыгып, тоскоолдуктар жасалды дегенди уга элекмин. Мен эми региондорду кыдырым жүрбөймүнбү. Кечээ Таластан келдим, мурдагы күнү Ош регионун кыдырдым. Негизи бул өзү уюштуруу иштерине жараша го. Биз «Туран» партиясы бойкотко каршыбыз жана шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн күрөшө беребиз.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов да БШК үгүт иштеринде бардык партияларга бирдей шарт түзүп берип жатканын билдирди.
Айрым оппозициялык партиялар мына ушинтип бойкот жарыялоо мүмкүнчүлүгүн талкуулап жаткан учурда «Замандаш» партиясы президентке кайрылып, жетиштүү даярдыктар көрүлбөгөнгө байланыштуу шайлоонун мөөнөтүн которуу сунушу менен чыкты. Өз сунушун турмушка ашыруу үчүн «Замандаш» 300 миң адамдын колун топтоо аракетин баштаарын жарыялады. Белгилүү болгондой «Замандаш» партиясынын тизмесин БШК каттоодон баш тарткан.