5-декабрда саат 16.30 чамасында «Ата Мекен» партиясынын үгүт тобуна Өзгөн районунун Куршап кыштагынан Ош шаарын карай келатканда бейтааныш машинадагылар кол салышкан. «Ата Мекен» партиясынын үгүт тобу жүргөн кичи автобусту Өзгөн районунун Куршап кыштагында тороп, Карасуу районунун чегине жеткиче 10 чакырымча туш тараптан таш жаадырган. Натыйжада үгүт тобунун 3 адамы ар кандай деңгээлде жараат алган.