Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

ИРАК ТЫНЧТЫК ЖОЛУНА ТҮШТҮБҮ ЖЕ УРУШ АЛДЫНДА ДЫМЫП ТУРАБЫ?


Амирбек Усманов, Прага АКШнын коргоо министри Роберт Гэйтс жакынкы мезгилде Иракта тынчтык жана демократия орнотуларына ишене турганын билдирди. Ал шаршемби күнү түндүктөгү Мосул шаарында, ошондой эле Багадда күтүүсүз визит менен болуп, өлкөдөгү кырдаал менен жакындан таанышты. Ирак чындап эле тынчтыкка багыт алдыбы же козголоңчулар убактынча дымып калдыбы?

Роберт Гэйтс шаршемби күнү Багдадда болгон кезде акыркы айларда Ирактагы кырдаал олуттуу жакшырып калганын баса белгиледи:

-Соңку айларда коопсуздук жагдайында чоң өзгөрүүлөр болду. Эки жыл мурда Самара мечити бомбалангандан бери зобун- зордуктар азыркыдай төмөнкү деңгээлге түшкөн эмес. Натыйжада үйлөрүнө кайтып келген качкындардын саны кескин көбөйдү. Иракка инвестиция салган чет элдиктердин саны өстү. 70 миңден ашуун ирактык өзү жашаган жерлерди коргоодо. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндөгү мындай оң жылыштар- абал нормалдуу нукка түштү деген ишенимди жаратты.

Коопсуздук абалынын жакшырганы Багдаддын өзүнөн, анын ар тарабындагы маалелерде жана башка шаарларда өзгөчө байкалат. Бир нече жылдардан бери биринчи жолу базарлар кадыресе иштеп, ата- энелер балдарын мектепке коркпой жөнөтө баштаганы, көчөлөр мурдакыдай элдин ызы- чуусуна толгону кабарланат. Анткен менен, ирактыктар арасындагы өз ара ишенбөөчүлүк али терең. Шиит жана суннит топторунда куралсызданалы деген түрү жок. Мындай абалды Ирактын премьер- министринин орун басары Барам Сали “тынчтык алдындагы ок атуусуз жагдай” деп сүрөттөйт. Бул пикирди Брюсселдеги Эларалык кризисттик топтун талдоочусу Йост Хильтермэнн да колдойт:

-Ырас, бир жагынан, Багдадда жана анын айланасындагы аймактарда коопсуздук кырдаалы турукташып баратканы байкалат. Бул, албетте, бизди сүйүндүргөн оң көрүнүш. Бирок, саясый майданда мындай өзгөрүүлөр жок. Калбаны баштоочу оюнчулар сүрүлүп ташталганы менен түрдүү чатактардын тамыры толук кыркыла элек.

Чоң жылыш ирети Багдаддын тегерегиндеги суннилер жашаган жерлерде мыкты куралданган сунни милициясы пайда болгонун айтса болот. АКШ тарабынан каржыланган бул күчтөр өз аймактарында тынчтыкты камсыздап, мурдакы куралдаштарына каршы күрөштө америкалыктарга көмөк көрсөтүүдө. “Нью- Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, сунни милициясынын саны 77 миңге жетет.

Талдоочулар сунни жана шиит жамааттары ортосунда ынтымак болбосо, сунни милициясы шииттер үстөмдүк кылган өкмөткө каршы көтөрүлүшү ыктымал деп кооптонушат.

Экинчи тарапта радикалдуу шиит диниятчысы Муктада ас- Садрдын артындагы Мехди армиясы турат. Август айында ас- Садр өз тарапкерлерине ок атууну алты айга токтотууну буйруган. Бул абалдын жакшырышына олуттуу өбөлгө түзгөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG