Чиновниктерден чыккан кептерге таянсак, Косово көз карандысыздыгын жарыялаган соң пайда болуучу ар кандай кырдаалга НАТО шайма-шай турууну чечти. Ошол эле учурда альянстын чиновниктери Приштина бул ишти эмдиги жылдын январына чейин калтырышы ыктымал деп үмүт кылышат.
Өткөн айдын этегинде провинциянын премьери Хашим Тачи косоволуктар эл аралык коомчулуктун каалоосун урматтарына ишендирип,10-декабрдан кийин көз карандысыздык тууралуу чечим кабыл алышарын, бирок өнөктөштөрдүн,өзгөчө Вашингтон менен Брюсселдин кеп-кеңешисиз эчтеме жасабай турганын айткан эле.
НАТОдогулар косоволук сербдер да провинциядан бөлүнүп,өз алдынчалыгын жарыялап жибериши ыктымал, аларга Босниядагы серб республикасы кошулуп кетиши мүмкүн деп чочулашат. Мындан тышкары Сербия Косовону туш тараптан камалап ташташы да ажеп эмес. Провинцияга керектүү азык-түлүктүн 70 проценти Сербия аркылуу келет.
Грузия менен Украинанын альянска мүчө болуу пландарына келсек,бу маселеде деле НАТОнун позициясы айкын боло элек. Өзгөчө ноябрда оппозициянын массалык демонстрацияларын күчкө салып кууп таркатып, Тбилиси көптөрдү шексинтип алды. Бери эле дегенде чиновниктер альянстын эмдиги жылы апрелде Бухарестте боло турган жогорку деңгээлдеги саммитинде Грузиянын НАТОго мүчөлүккө чакырык алары абдан күмөндүү дешет. Украинага байланыштуу да так кесер чечим кабыл алганга альянс азырынча шашылбайт көрүнөт.
Россиядагы соңку окуяларга байланыштуу НАТОлук министрлер жалпы пикир тапканга аракет кылышты. Айрымдар альянстын башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишкени кажетсиз дешет, башкалары болсо бүгүнкү күнгө пландалган НАТО-Россия кеңешинин жыйынында демократиялык принциптерди сактоо зарылдыгы тууралуу маселени көтөрүү керектигин айтышат. Ал эми Европадагы кадимки куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишимди Россия бир тараптуу токтоткону тууралуу бүгүнкү жыйында альянстын министрлери кеңири кеп козгобойт өңдөнөт.
Министрлер бүгүн ооган проблемасын талкуулашат. Альянс азыр бу маселеге байланыштуу “ар тараптуу стратегиялык аскерий-саясий план” түзүп жатат. Ал Бухарест саммитинде каралат. НАТОнун бир катар мүчөлөрү ооган жеринде алар дагы канчага чейин болорун так аныктап алгысы келишет. Буга АКШ,башка да өлкөлөр кошулбайт.
НАТО ооган проблемасында Евросоюз менен ООН негизги озуйпаны өздөрүнө алса деп каалайт. Евросоюз былтыр Ооганстанга полициялык күчтөрдү жатыктыруучу адис-тапкөйлөрдү жөнөткөнгө макул болгон, акыркы айларда бул ишти кан буугандай токтотуп койду. Улуттар Уюму болсо ооган жериндеги оорчулуктун негизги бөлүгүн өзүнө алганга азырынча эч кандай ниетин билдире элек.