Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ЭДИЛ БАЙСАЛОВГО КАРШЫ КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОДУ


Башкы прокуратура социал-демократтар саясий партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсалов мамлекетке 11 миллион сом чыгым келтирди деп, ага каршы кылмыш ишин козгоду. Байсалов шайлоого даярдалган бюллетендин сүрөтүн интернетке жарыялап жибергендиги үчүн айыпталууда. Ишти иликтөөнү баш прокуратура Бишкек шаардык прокуратурага тапшырды

Башкы прокуратура, анын маалымат кызматы билдиргенге караганда, Эдил Байсаловго Кылмыш кодексинин 139, 173-беренелерине ылайык мамлекетке 11 миллион сомдон ашык чыгым келтирди жана БШКнын ишине тоскоолдук кылды деген айып койду. Беренелерде айып төлөөдөн баштап беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. Кылмыш ишинин козголушуна парламенттик чукул шайлоо үчүн БШК даярдаган бюллетендердин түп нускасынын Байсалов тарабынан сүрөткө тартылып, сайтка чыгарылышы түрткү болду.

Коомчулукка жарыяланып кеткен бюллетендин түп нускасынын жасалма үлгүлөрү пайда болушу мүмкүн деп санаган БШК 2 млн. 700 миңден ашык бюллетенди жараксыз деп таап, чыгымды өндүрүп берүүнү сурап Баш прокуратурага кайрылган болчу.

Окуянын мындай өнүгүшүнө көз караштарын билдиргендердин бири, «Адилет» укук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова бюллетень жашыруун документ эмес, катуу көзөмөлдөгү документ дейт.

Экинчиден, анын оюнда Байсалов сүрөткө жараксыз деп табылган бюллетендерди тартып алган, ошондуктан, аны күнөөлүү деп эсептөөгө укуктук негиз жок:

- Катуу көзөмөлдөгү документти алуу, алып кетүү жана башкалар үчүн милдет жүктөлгөн тарап, б.а. БШК, тартип коргоо органдары – ИИМ жоопкер болот, ошолор көзөмөлдөшү керек болчу.

Байкоочулар арасында Эдил Байсалов кириптер болгон азыркы жагдай ар тараптуу, терең иликтөөгө муктаж экендиги тууралуу пикирлер айтылууда. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова Байсаловдун маселесинде БШК бир эле учурда партиянын да, БШКнын да, прокуратуранын да милдетин аткарып, жагдайды өз кызыкчылыгына бурду дейт:

- Булар Эдилдин илип (бюллетенди-авт.) койгонунан же башка бирөөлөр жасап жиберет дегенинен корккон жок, БШК өздөрүнүн абийири, кылмышы ачылып жаткандан коркуп кетишти. Мен ушундай түшүнүп атам.

Партиянын атынан байкоочу укугун алган Эдил Байсалов буга чейин БШК бюллетендерди жөнөкөй кагаздарга басып жаткандыгына нааразылыгын бир нече ирет билдирген болчу. Бул аралыкта СДП партиясы Байсаловго байланышкан ишти сот аркылуу териштирүүнү максат кылып, бирок майнап чыгара албай жатат.

Адвокат Галина Скрипкинанын билдиргенине караганда, БШК токтомдун көчүрмөсүн бере элек. БШКнын Байсаловго карата чечимин жактаган эки партиянын бири «Эл добушу» партиясынын лидерлеринин бири Айбек Чекошевдин пикиринде, бюллетенге байланышкан чатак үчүн жоопкерчиликти бир адам эмес, анын артында турган саясий уюм алышы керек. Мындай ишке партия барарына Чекошев күмөнсүнүүсүн билдирди:

- Балким алар коргоп да алышаар. Бирок, кылмыш иши козголгонго чейин алардын чоюп келиши жакшы болбой калды.

«Туран» жана «Эл добушу» партияларынын үндөш билдирүүлөрүн СДП парламентке жетүүнүн бардык ыплас жолдорун пайдалануу катары баалап, Байсаловду коргоого даяр экендигин билдирди. Мындай билдирүүнү партия Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондугу тууралуу маалыматты таратаардын алдында жарыялады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG