Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

15:54 “Ата Мекен” партиясынын үгүтчүлөрүнө кол салган кишилер кармалды


Өзгөн районунда Куршап кыштагында «Ата Мекен» партиясынын үгүт тобун 5-декабрда ташбараңга алган кишилер кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев «Азаттыкка» маалымдагандай, «атамекенчилерге» кол салып, ташбараңга алгандар Өзгөн районундагы Куршап айылынын тургундары Канатбек Каленов, Азамат Токтошев болуп чыкты. Алар үгүтчүлөр Куршапта жүрүшкөндө жөнү жок тилдегендиктен, артынан кууп барып унааны талкалагандыктарын мойнуна алышууда. Оштогу «Адилет» укук борборунун башчысы Топчубай Маматалиев ондон ашык адамдын өмүрүнө кол салышкандыктан, Каленовду, Токтошевди катуу жазалаш керек эле деген пикирде болуп жатат. (АТо)

XS
SM
MD
LG