Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

ИРАНДЫК СТУДЕНТТЕР КЫЙМЫЛЫ ӨЛКӨДӨГҮ КЫРДААЛДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАБЫ?


7-декабрь Иранда Студенттер күнү. Бул майрамды өлкөнүн баш калаасы Тегеранда жана башка шаарларда студенттер кызуу белгилешет. 4-декабрда студенттер тарабынан уюштурулган нааразылык акциясы учурунда полиция жыйырмага жакын студентти камакка алды. Алардын айрымдары бошотулганы менен абакта дагы бир топ студенттер кармалып жатат. Байкоочулардын баамында, студенттер уюштуруп жаткан нааразылык акциялары 90-жылдары болгон окуялар өңдүү эле өлкөнүн өзгөрүүсүнө таасирин тийгизет.

Күбөлөрдүн айтымында, 200-250гө жакын студенттер Тегеран университетинин жанында чогулуп, “Согушка – жок!”, “Эркиндик жана биримдик!” деген ураандарды кыйкырып турду. Реформалардын башталышын талап кылган студенттердин катарына көп өтпөй Ислам студенттик уюмунун мүчөлөрү жана башкалар дагы кошулду.

“Күчтүү Биримдик” аялдар уюмунун мүчөсү Бахар Хедаяттын айтымында, студенттер Иранда демократиянын орун алышын жана адам укугунун сакталышын талап кылышты:

Нааразылык акциясында студенттер адам укугунун сакталышын талап кылган ураандарды чакырып турду. Алар “Студенттик гезиттер бут тосууларсыз чыксын, саясий жана социалдык уюмдарга кысым жасалбасын!”,-деп билдиришти.

Студенттердин нааразылык акциялары Иранда адаттагыдай эле көрүнүш. Эң белгилүү акция 1999-жылы болгон. Анда реформага үндөгөн гезиттин жабылышына нааразылык билдирип, жүздөгөн студенттер көчөлөргө чыккан. Нааразылык акциясын полиция күч менен таратып, анын катышуучуларын уруп-сабаган. Демонстрациялар бир жуманын ичинде башка шаарларда дагы орун алган. Ошол күндөрү беш студент набыт болуп, көптөр оор жаракат алган болчу. Дагы бир нечесин полиция камакка алган эле. Бул кайгылуу окуялардан кийин дагы өлкө башчысы Махмуд Ахмадинежад жүргүзгөн саясатка каршы бир катар нааразылык акциялар өттү. 2006-жылы декабрда Тегеран университетинин студенттери “Диктаторго өлүм!” деген ураан алдында акция уюштурган. Ушул өңдүү иш-чаралар май жана октябрда дагы орун алды.

Ирандык көз карандысыз журналист Ираж Жамшидинин айтымында, студенттер уюштурган акциялар убакыт өткөн сайын коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, карапайым калктын колдоосуна ээ боло баштады:

Октябрдын башынан бери студенттик кыймылдар уюштурган акциялар уланып жатат. Алар көпчүлүк шаарларда дагы орун алды. Бул тенденция болуп калды. Менимче, бул нааразылык акциялар тез эле бүтүп калбайт.

Байкоочулардын баамында, студенттер уюштурган нааразылык акциялар башка шаарларда дагы колдоого ээ болот. Анткени Иран коомчулугу саясий, экономикалык жана социалдык кысымга мындан ары туруштук бере албары айдан ачык болуп калды.

XS
SM
MD
LG