Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

КОСОВО МЕНЕН СЕРБИЯ ОРТОСУНДАГЫ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР НАТЫЙЖАСЫЗ АЯКТАДЫ


Эл аралык ортомчулар Косово менен Сербия ортосундагы сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаганын билдиришти. БУУнун баш катчысына жолдогон катта Евробиримдик, АКШ жана Орусиянын дипломаттары төрт айга созулган сүйлөшүүлөр учурунда тараптар мунаса таба албай койгонун айтышат. Косоводо көпчүлүктү түзгөн этникалык албандар аймактын көз карандысыздыгын талап кылып келсе, расмий Белград буга макул эмес.

Евробиримдик, АКШ жана Орусиянын өкүлдөрү БУУнун баш катчысы Бан Ги Мунга 7-декабрда жолдогон катта эл аралык сүйлөшүүлөр өз максатына жеткен жок деп айтылат. Билдирүүдө бул сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде өткөнү жана узакка созулганы белгиленет. “Бирок Косовонун лидерлери жана Сербиянын өкмөтү мунаса таба алган жок, расмий Белград Косово аймагын Сербиядан ажыратууга макул болбоду”,-деп белгиленет үчилтик жолдогон билдирүүдө.

Орусиянын БУУдагы чабарманы Виталий Чуркин 120 күнгө созулган сүйлөшүүлөрдү “абдан оор” деп сыпаттады:

Албетте, эл аралык ортомчулардын аракеттери толук ийгиликтүү болду деп айтууга болбойт. Себеби биз күткөн натыйжа болгон жок. Бирок биздин баамыбызда, олуттуу жыйынтыктарга дагы жетиштик.

Расмий Москва сүйлөшүүлөр дүйшөмбү күнү жандансын деген сунушун билдирди. Ал эми Сербиянын премьер-министри Миролад Додиг сүйлөшүүлөр бир тараптуу мүнөздө өтпөшү керек деди:

Бир тараптуу сүйлөшүүлөр эч качан стабилдүүлүк үчүн салымын кошпойт. Андыктан биз мындай иш-аракеттерге каршы чыгып келебиз. Биз БУУнун көзөмөлү алдында Сербия менен Косово ортосундагы макулдашууга баш ийебиз.

Анын аралыгында АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс расмий Вашингтон суйлөшүүлөрдүн жанданышын колдобой турганын билдирди.
Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Косовонун көз карандысыздыгы олуттуу, чоң мааниге ээ окуя боло турганын баса белгиледи:

Албетте Косово кризиси кандай гана жол менен чечилбесин ал прецедент бойдон кала берет. Бул биз же биздин өнөктөштөр айткан үчүн эмес. Мисалы прецедент болбойт деп Батыш өлкөлөрү айтып жатат. Муну алар чечпейт да.

Ушул жылдын башында Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин колдоосуна ээ болгон Улуттар уюмунун Косоводогу чабарманы Марти Ахтисааринин планына вето койгон. Ахтисааринин планына ылайык Косоводо кеңири автономия куруу каралган.

Анын аралыгында, НАТО 16 миң аскер күчү менен Сербияда тынчтыкты камсыз кылууга убада бергени маалым болду.

XS
SM
MD
LG