Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

КОСОВОНУН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ КИМ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?


10-декабрда эл аралык ортомчулар катышкан Косовонун келечек макамы боюнча сүйлөшүүлөр расмий түрдө соңуна чыгат. Серепчилердин баамында, эми бир тараптуу декларация менен Косовонун көз карандысыздыгы жарыяланышы мүмкүн. Ал эми Сербиянын борбору Белграддагы карапайым калкты Косово маселеси көп деле түйшөлтпөгөндөй.

“Азаттык” үналгысынын Сербиядагы кабарчысынын маалыматына ылайык, Белграддын көчөлөрүндө жөнөкөй серб жарандары менен сүйлөшө келсең аларды Косовонун келечек макамы боюнча маселе көп деле кызыктырбайт деген ой кетет. Ошону менен бирге этникалык албандар дагы, сербдер дагы аягы көрүнбөгөн кагылышуулардан жана чыр-чатакатардан тажап, өздөрүнүн күнүмдүк иштери менен алек болгусу келет.

Александр Белграддын борборунда гезит сатат. Анын айтымында, сатуучуларына сунуш кылган гезиттерде Косово тууралуу байма-бай жазылса дагы, бул маселе аны эч кызыктырбайт:

Мен бул тууралуу эч нерсе билбейм. Себеби саясатка таптакыр кызыкпайм. Мен үчүн саясат маанилүү эмес.

Белграддын көчөлөрүндө жүргүзүлгөн иликтөө учурунда дагы тургундардын дээрлик бардыгы болжол менен ушундай мүнөздө жооп кайтарышкан.

Көпчүлүк имараттардын дубалдарында “Косово Сербиянын ажыратылгыс бөлүгү” деген жазуулар көзгө илинет. Ошентсе дагы “Косово көз карандысыздыгын жарыялайт жана бул маселе сербдер арасында дагы колдоого ээ болот” деп эсептегендер да аз эмес. Курулушчу Зоран аймактын күн корсуздугун колдобой турганын айтат:

Мен жакшы адам болбой эле коеюн. Албетте зордук-зомбулук орун алышы мүмкүн. Бардык нерсени күтсө болот. Себеби Сербия Албания эмес, өз аймагын жөн эле бере койбойт.

Деген Зоран бүтпөгөн кагылышуулардан тажаганын жана өлкөдө жетишерлик деңгээлде кан төгүлгөнүн кошумчалайт.

Радко жеке фирмада бухгалтер болуп иштейт. Анын айтымында, Белграддын тургундары аз да болсо окуянын өнүгүшүнө таасир тийгизе алат:

Эмне үчүн биз дайыма коркушубуз керек? Косово көз карандысыздыгын жарыяласа биз үчүн жаман. Бирок жөнөкөй жаран катары биз эмне кыла алабыз?

Небоися улуту боюнча этникалык серб болгону менен өзүн югославмын деп эсептейт. “Бир четинен Косово көз карандысыз болгусу келсе өз эрки”,-дейт ал:

Эгерде алар күнкорсуз мамлекет болууну кааласа өздөрү билет. Мени көп деле кызыктырбайт алардын чечими. Бирок эл аралык коомчулук Сербияга карата өтө эле ташбоор мамиле жасайт. 1999-жылы болгон НАТОнун чабуулун эч ким унуткан жок.

Александр Васовик Белграддагы белгилүү бир гезиттин редактору. Анын айтымында, Сербияда жашаган көпчүлүк тургунду Косовонун көз карандысыздыгы көп деле тынчсыздандырбайт:

80 пайыз адам үчүн 10-декабрь - бул кадимки күн. Косово менен байланышы бар, Косоводон бул жака келген качкындар үчүн дагы бул күн жашоосундагы эң маанилүү күн эмес. Көпчүлүк адамдар окуяга таасир тийгизе албай тургандыгын билишет.

Васовиктин айтымында, массалык маалымат каражаттары бардык нерсени Косово маселеси менен байланыштырууга аракет жасап жатат. Серепчилердин баамында, көпчүлүк сербдер эч качан Косоводо болгон эмес. Косово – бул сербдердин улуттук мифологиясынын символу.

Васовиктин пикиринде, сербдердин 95 пайызы Косового согуш жарыялоону каалабайт. Карапайым калкты жумушсуздук, социалдык бейстабилдүүлүк өңдүү маселелер көбүрөк кызыктырат.

XS
SM
MD
LG