Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун “ Жарандык коом таза жана эркин шайлоо үчүн!” долбоорунун негизинде Кыргызстандагы биртоп бейөкмөт уюмдар парламент шайлоого даярдык кандай жүрүп жатканын иликтөөгө алышкан. Алардын алдын-ала жыйынтыгы боюнча, чукул белгиленген парламент шайлоо алдында бийлик болгон өмгөгүнө салып, “Ак жол” партиясына добуштарды арбын алып берүү аракетин көрүүдө.
“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтуусунда, мындай көрүнүштөр республиканын бардык аймактарында орун алган.
- Административдик кысым аябай эле күчтүү болуп жатат. Анткени ошол эле догдурлар, дарыгерлер, мугалимдер – баары тең ыйлап жатышат. Себеби аларга көп жерде “Ак жолго” барасыңар деп кысым көрсөтүп жатышат.
Бейөкмөт уюмдар жогорку бийликтеги кийинки күндөрү чукулунан жасалган кадрдык алмаштыруулар алдыдагы шайлоодо административдик ресурсту ыктуу пайдалануунун амалы деп эсептешет. Шайлоо алдында бийликтин адам укугун чектей турган аракеттеринин бири катары Т.Исмаилова Бишкек шаар кеңешинин депутаттары кабыл алган тынч жыйын, наразылык билдирүү иш-чараларынын белгиленген жерлерде гана өткөрүү тууралуу чечимин мисалга тартты. Т.Исмаилова бул демилгени баштаган Данияр Үсөновго кылмыш ишин ачуу боюнча прокуратурага кайрылып жатышканын маалымдады.
- Биз бүгүн прокуратурага да жибердик. Кылмыш кодексинин 338-беренеси боюнча мырза Д.Үсөнов Конституциялык соттун чечимин аткарбаганы үчүн жоопко тартылышы керек. Ошондо эки жылга чейин ушундай чиновник түрмөдө олтуруш керек. Анткени адамдар тынч пикетке чыкканга шайлоонун алдында чекит коюлду.
Бишкек шаар башчысы Д.Үсөнов башкалаа тургундарынын укугун эсепке алган көпчүлүк катышкан сүрмөтоп жыйындарды иретке салуунун эч кандай эрен-төрөнү жок деген пикирде.
- Биз өзүбүз көтөрдүк. Өзүбүздүн шаарыбызда тартип орнотойлу деп чечтик. Ошол сунушту депутаттар колдоду. Эмнеси жаман?
Ушу тапта мамлекеттик бийликтин баки-жогу жалгыз партиянын камчысын чаап, бийликтин күчүн ошого сарптап жатышканын “Ата мекен” социалисттик партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Кубатбек Байболов да ырастайт.
- Бүткүл мамлекеттик машина “Акжолду” алып барып бийликке дайындаштын аракетин жасап жатканы. Муну административдик ресурс деп атайт.
“Ак жол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Жангороз Каныметовдун айтуусунда, “акжолчулар” жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнүн андай колдоо-жөлөгүнө муктаж эмес, тескерисинче мүчө болчулардын санын чектөөгө мажбур болушууда.
- Мен айтар элем, бул шайлоодо бизге зыян алып келет. Кээ бир жерлерде бийликке, ушул партияга жагайын деп жаткандар болушу мүмкүн. Бирок буга биз жол бербешибиз керек.
Шайлоо алдында жер-жерлердеги абалга байкоо жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын алгачкы бүтүмүн жарыя кылган Т.Исмаилова ушу тапта коррупциянын күнү тууп, баарын акча чечип калганын эскерте кетти.
- Бир кандидат 50 миң сом алып келсе, ага “сен эмне үчүн 200 – 300 миң доллар алып келбейсиң” дешиптир. “Анда мен чыгам”, десе тигилер “урушта отту аябайт” деп, калтырып коюшуптур. Азыр партиялык тизме коррупциялык алыш-бериш, жалаң акча менен жасалат.
Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жаткан толук пропорционал шайлоого 12 партия катышып, бирок кош тоскоолдун айынан төрттөн ашпаган партия парламенттен орун алып калыш ыктымалдыгын байкоочулар күн мурунтап эле болжолдоп келатышат.