Ошентип, Владимир Путин “Бирдиктүү Орусия”, “Адилеттүү Орусия”, Агрардык партия жана “Граждандык күч”партиялары сунуш кылган Дмитрий Медведевди өз мураскери деп тандады.
Серепчилердин айтышынча, президент мураскерди тандоодо анын эки сапатына маани берген: Медведев Путин президенттиктен кеткен соң да өлкөнү башкара берүүсүнө макул жана кремлдик элита саналган “силовиктер” тобундагы балансты бузганга чабал.
Орусиялык атактуу социолог Ольга Крыштановская 42 жаштагы Медведевди мураскердин ролуна өтө ылайыктуу деп эсептейт:
-Эң чабал саясатчыда мураскер болуу мүмкүнчүлүгү чоң болуп чыкты. Алар абдан ишенимдүү жана чабал саясатчыны табуу керек болчу. Медведев бул критерийге бап келди.
Батыштык байкоочулар Медведевге жыл башында Швейцарияда өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумга орусиялык делегацияны баштап барганда көңүл бурушкан. Кесипкөй-юрист Медведев Путиндин командасындагы көпчүлүк кадрлардан айрымаланып, эч качан КГБ, ФСБ дагы башка коопсуздук кызматтарында иштебеген жана либералдуу саясатчы саналат. Ага карабай, Путин Медведевге жакын досундай ишенет, дейт Ольга Крыштановская:
-Кремлде Медведев Путиндин бакма баласындай экенин узактан бери айтып жүрүшкөн. Эки кызы бар Путин Медведевге уулундай мамиле жасачу. Ал өз көзкарашы жок, көзкаранды, башкарылма жана сөздөн чыкпаган инсан.
Москвадагы Карнеги фондусунун талдоочусу Николай Петровдун сөзүнчө, президент кеңсесинин башчысы, өтө таасирлүү Игорь Сечин Путинди үчүнчү мөөнөткө президент болууга көндүрүүгө аракет кылган. Ал эми премьер-министрдин биринчи орун басары, мураскер деп күтүлүп жүргөн Сергей Иванов бийлик Медведевге эмес, Путинге ишенимдүү башка адамга калышын каалаган.
Медведев Кремлдеги бийлик структураларын жана орус элитасын түзгөн КГБнын ветерандарын башкара алары да күмөндүү. Ошон үчүн, Николай Петровдун сөзүнчө, ал “регент”-аталыкка жана устаз- тарбиячыга муктаж:
-Медведев коопсуздук кызматтарын шардана башкарчу жана азыркы Путиндин ролун аткарчу талапкер эмес. Ал регентке муктаж күчсүз президент болот. Анын регенти Путин болот. Маселе Путин кандай ырасмий кызматты ээлегенинде.