Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:25

КОСОВОНУН МАКАМЫ АЛ ЖЕРДЕГИ СЕРБДЕР МЕНЕН АЛБАНДАРДЫ БӨЛҮП САЛДЫ


Косовонун болочок статусу 10-декабрга дейре эл аралык деңгээлде талкууланып бүтүшү керек эле. Чектелген 4 айлык мөөнөт аяктаганын Сербиядан бөлүүнү көздөгөн чөлкөмдүн жашоочулары санааркаган маанайда тосуп алышты. Косоволук албандар менен Белграддын ортосунда мунаса табылган жок, бирок сүйлөшүү чексиз улана бербесин тараптар түшүнгөндөй болушту.

Улуттар уюмунун ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөр мөөнөтү аяктаган маалда Косоволук албандар көз карандысыздык жолунан эч кайда кайтпай турганын кайталоодо. Жергиликтүү сербдер азчылык болгону менен, Белграддын колдоосуна таянып ага, келишинче каршылык көрсөтүп, керек болсо урушка да даяр тураарын айтышууда.

Косово провинциясынын түндүк тарабындагы Митровица шаарынын тургуну, улуту боюнча серб Лидия Трифунович санааркап турганын айтат.

Чынын айтсам, тынчым кетип турат. 10-декабрь келип калганын баарыбыз эле ойлонгон жокпуз. Андан кийин Косово эмне болот? Эч ким билбейт. Мен үчүн баары караңгы. Өзүм үчүн эмес, балдарым үчүн корком. Биздин баштан өткөндү алар көрбөсө экен деп тилейм.

Косовонун борбору Приштинадан 40 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Митровица сербдер жашаган түндүк жана албандар байырлаган түштүк тарап болуп экиге бөлүнүп алган.

Сербиянын Улуттук Кеңеши Косовонун көз карандысыздыгы жарыяланса Белград армияны чукул мобилизациялашы керек деп эскертти. Ал тапта Албанияын Улуттук боштондук армиясы чөлкөмдүн көз карандысыздыгын коргоого касам ичүүдө. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр узак жана өтө татаал болгондуктан, чөлкөмдө кайра куралдуу кагылышуулар башталып кетиши мүмкүн деген чочулоо күчөдү. Антип тынчсызданууга негиз жок, - деп эсептейт Митровицалык серб саясатчысы Оливер Иванович.

Мен НАТОнун Косоводогу бейпилдик күчтөрүнүн өкүлдөрү менен далай ирет жолугуштум. Алар албан жетекчилерин, аймактагы аскердик бөлүктөрдү эскертип койгонун айтышууда. Эгерде кайсы бир саясатчылар өз максатына жетиш үчүн курал колдонсо, НАТО ошол замат кийлигишип мизин кайтарууга даяр турат. Сербдер жок дегенде жыл аягына чейин эч нерседен коркпой жашай берсе болот.

Белград андан тышкары Косоволук албандар көз карандысыздыгын жарыяласа, провинцияга каршы катаал экономикалык санкциялар кабыл алаарын эскерткен. Приштиналык албан эксперти Илир Дуголли андай чара натыйжа алып келбейт деген пикирде.

Косовонун экономикасы Сербияга көз каранды деген болбогон кеп. Косово – кедей провинция, бирок чөлкөмдүн жашоочулары өз болочок тагдырын өзүлөрү чечкиси, өз жерин өз алдынча башкаргысы келет. Кедей болсо да, Косовонун бюджети толугу менен ички кирешеден куралат.

Косоволук Висар Шерифи – жаш болсо да, жергиликтүү албандар арасында таанымал режиссер жана сүрөтчү. Ал Косово көз карандысыз мамлекет катары бат эле бутуна туруп, гүлдөп кетээрине ишенет.

Косово - адамдык жана жаратылыш ресурстарына бай. Алар жакшы башкарылса, бат эле өнүгүп кетет. Өкмөт туура башкарса, эч кандай проблема болбошу керек.

Дагы бир Митровицалык серб Зелико Тврдисич жакын арада чоң өзгөрүү болбойт деген пикирин айтат.

10-декабрда эч нерсе болбойт. Приштина Косовонун көз карандысыздыгын февраль, же март айында жарыялашы мүмкүн. Ошондо кырдаал начарлап, кооптуу болуп баратса, үй бүлөм менен башка жакка көчүп кетем.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG