Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:22

«БИРДИКТҮҮ ОРУСИЯ» ШАЙЛООДО МАЖЕСТИК КЫЛГАН МҮЧӨЛӨРҮН КАТАРДАН КУУЙ БАШТАДЫ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда Мамлекеттик Думага депутаттарды шайлоо кандай өткөнүн жыйынтыктоо ырасмий бүткөндөн кийин региондордо өкүм сүргөн маанай ачыкка чыга баштады. Азыркы учурда «Бирдиктүү Орусия» партиясы өзү алдын ала болжогончо добуш ала албай калган региондордо, биринчи кезекте добуш чогултууга көмөк көргөзө албаган мүчөлөрүн партиянын катарынан чыгара баштады. Маселен, Киров областында андай жаңжалдын аягы катуу чууга айланганы дайын болууда.

Киров обулусунан «Бирдиктүү Орусия» тапкан добуш эсеби бүткүл Орусия боюнча алганда эң аз чогултулуп калган. Ачык айтканда ал жалпы шайлоого келгендер арасынан бийлик партиясынын пайдасына 50 пайыз гана үлүш чогулта алган.

«Азаттыктын» кабарчысы Екатерина Лушникова ырасмий эмес булакка таянып билдиргенге караганда, ишембиде Киров шаардык мэри Владимир Басов, анын эле өзү бийлик партиясынан шаардумасына төраганын иши каралып, аны кызматтан алуу маселеси коюлат. Жогорку бийликтен баргандар аны өз ыктыярың менен арыз жазып кызматтан кет деп кысташат. Бирок Басов ага көнбөй, акыры эси ооп доктур чакыртылып, ошондон улам ооруканага түшөт. Бийлик партиясы баарыбир аны катарынан чыгартат.

Ошол эле, ишемби күнү «Бирдиктүү Орусия» партиясынын Кировдук-Чепецтик бөлүмүнүн аткаруу катчысы Андрей Наговицин да кызматынан алынат.

Ушуга окшош окуя Орел обулусунда да болгон. Орел шаарынын мэри Александр Касьяновдун үстүнөн шайоо чукулдаганда кылмыш иши козголот. Ага дейре коммунисттик партияда турган мэр ошондо губернатор Егор Строевго барып арыз жазып, «Бирдиктүү Орусияга» өтөт. Кызык жери, эртеси шаар акими үстүнөн козголгон кылмыш иши кайра чакыртылып алынат. Ушул факты боюнча ой бөлүшкөн көз карандысыз анализчи Вадим Медовщиков:

Орел шаарынын мэри Касьянов обулустун губернатору Строев менен жарашып, «Бирдиктүү Орусияга» мүчө болуп өтөөрү замат иликтелип аткан (кылмыш - ММ) иши жоголуп кетти. Демек, «Бирдиктүү Орусияга» өтүү – бул күнөөнүн кечирилиши экен да?

Ошого карабай анализчилер баамында Мамдуманын бешинчи чакырылышы жогорку бийлик алдына койгон максатындагыдай эле болгон. Натыйжада жыйынтык Мамдуманын төртүнчү чакырылышына, 2003-жыл декабрына салыштыра келгенде 7 пайызга өскөн.

«Время новостей» жазганга караганда бийлик партиясы айтканы айткандай чыкты. Бирок бул жолку шайлоодо коммунисттер өзүнө берилген добуштун уурдалганын бетке кармап жыйынтыктоочу кагазга кол койбой, шайлоонун өтүшүн жараксыз деп табуу демилгесин көтөрүштү. Бирок чыр узакка созулган жок, партиянын жетекчилеринин бири Иван Мельников «мүйүздүү болобуз деп кулагыбыздан ажырайбыз» деп чочулап, Кремль айтканга көнүүгө аргасыз экенин билдирди.

Талдоочулар арасындагы кепте да бул жолу коммунисттерге добуш арбын берилген. Эмне дегенде ал - бийлик өнтөлөгөн партияларга жападан жангыз оппозициялык партия болду ошондуктан оппозиция керек деген атуулдар добушун аларга берди дешет.

XS
SM
MD
LG