Ош облустук мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлери 8-декабрда «Ата Мекен» партиясына таандык О 34 59 В номерлүү үгүт унаасын камап, 10-декабрда араң бошотушкан. Бул туурасында машинанын айдоочусу Камалдин Багыш уулу «Азаттыкка» буларды айтып берди.
- ГОВДнын алдынан МАИ тосту, токтодум, токтосом сен эмне уруксаты жок мегафонду кадап алгансың дейт. Сүйлөтпөй эле жөн гана келаткам. - дейт Камалдин Багыш уулу.
Ош облустук МАИсинин имаратына баш бакканыбызда, облустук мамлекеттик автоинспекция башчысы Абдиш Турдукулов менен «Ата Мекен» партиясынын жаштар канатынын лидери Бакыт Алпетов кер-мур айтышып жаткан экен, үстүнөн чыктык.
«Азаттыктын» кабарчысы суроо узатканда, Ош облустук МАИ жетекчиси Абдиш Турдукулов 1999-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Өкмөтүнүн токтому жарык көргөндүгүн, ошону эми аткарып жатышкандыгын, республикалык МАИнин уруксатысыз үгүт унааларына үн күчөткүч жабдыктарды орноткондорго чара көрүлөөрүн маалымдады.
- Бүгүнкү күнү автомашиналарга үн күчөткүчөрдү коюуга, мурдагы өкмөттүн постановлениеси менен тыюу салынган. Биз ошол өкмөттүн токтомун ишке ашырып, ошону менен иштейбиз. Ички иштер министрине караштуу мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын уруксаты менен үн күчөткүчтөр коюлат. Ал эми биз уруксат беер албайбыз, - деди Абдиш Турдукулов.
Жогорудагы токтомдун айынан тоскооолдуктар болуп жаткандыгын социал-демократиялык партиянын Оштогу башчысы Алымбай Кадыров да ырастады.
Ал эми «Ак жол» партиясынын Оштогу координатору Кубаныч Исаков үгүт жүргүзүүнүн башка жолун тандап алышкандыгын, андыктан, унаага күнү түшө электигин, айрым партиялардын какшаганы жөнсүз экендигин билдирди.
- Биз штаб уюштургандан бери башка партияларга тоскоолчулук жок. Кошоматка кой сойгондор ушундай нерселерди жасашы мүмкүн, - деди Кубаныч Исаков.
«Адилет» укук коргоо борборунун директору Кайым Кангелдиев мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин аракети мыйзамсыздыгын, тескерисинче, Шайлоо Кодексине ылайык алар партияларга жана талапкерлерге үгүт ишин жүргүзүүдө бирдей көмөк көрсөтүүгө милдеткер экендигин эске салды.
- Оппозициялык маанайдагы “Ата мекен”, “Асаба” сыяктуу партияларга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ар кандай амалдар менен бут тосууга барып атышат. Үн күчөткүч менен элге үгүт жүргүзүп жүргөн машиналарды атайын кармап абакка алып атышат. Ошол эле учурда шаарыбызда, райондордо, айылдарда “Ак жол”, СДПК партиялардын үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн машианалары кадимкидей эле кыйкырып жүрүшөт. Аларды кармаган МАИ жок. Негизи кармабаш керек, - ушинтип кебин бүтүрдү Кайым Кангелдиев.