Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

ӨМҮРБЕК БАБАНОВ: СОТ ЧЕЧИМИН ТАЛАШЫП АРЫЗДАНАБЫЗ


Бүгүн Бишкектеги райондор аралык сот Башкы прокуратуранын Социал-демократиялык партияга каршы берген арызын канааттандырган чечим чыгарды. Сот чечимине ылайык КСДП БШКнын пайдасына 20 млн 238 миң сом төлөп берүүгө тийиш. “Азаттык Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Өмүрбек Бабановго түз эфирден телефон аркылуу байланышып, соттун чечими боюнча ага бир катар суроолорду узаткан эле.

- Бул шайлоо кодексине байланыштуу эмес, экономикалык иш деп каралды. 30 күндүн ичинде соттун чечими иш жүзүнө ашсын деген чечим болду. Сот Башкы прокуратуранын пайдасына 20 миллион сом төлөө жөнүндө чечим кабыл алды. Бирок биз бул чечим менен макул эмеспиз. Биз сөзсүз аппеляциялык арыз беребиз. Себеби бул жерде суроолор өтө көп. Биринчиден, бул бюллетендерди вертолет менен 8 миллион сомго алып келиптир Кыргызстанга. Экинчиден, “Учкун” 11 миллион сомго ошону басып чыкты деп сметасын түзүп бериптир. Биз муну аныкташыбыз керек. Биздин маалыматыбызга караганда кеткен акчанын суммасы 7 миллион болгон бардыгы. Үчүнчүдөн, Эдил Байсалов уюлдук телефонго бюллетенди сүрөткө тартып алып, ошонун аркасынан чыккан чатак болуп атат бул. Россиядагы шайлоону россиялык телеканалдардан көрүп аттык, ошол жерде центризбирком бир ай мурун өзүнүн жарандарына бюллетендерди көрсөттү, бул жерге птичка коюлат деп.

Биздин шайлоо кодекс боюнча 39-статьяда жазылып турат, бюллетень “строгой отчетности” документ, бирок жашырын документ эмес деп. Ошон үчүн биз ойлойбуз, БШК өзүнүн полномочиесине туура эмес келген чечим кабыл алган. Себеби өзүнүн токтомун чыгарып туруп эле, мурда басылган бюллетендерди жокко чыгарган. БШК экспертизаны чакырып туруп, интернетке көрүнөр-көрүнбөс болуп чыккан бюллетендин аркасынан подделка кылса болобу, же болбойбу деген экспертизанын чечими кабыл алынганда, анан ошондой чечим кабыл алса болмок. Биз ойлойбуз, бул жерде БШКнын чоң күнөөсү жана чоң катасы бар. Себеби БШКнын кээ бир мүчөлөрүнүн биздин партияга көз карашы түз эмес.

- Силердин пикириңерде Баш прокуратуранын арызын эгерде сот канаттандыра турган болсо, андан аркы аракетиңер кандай болот?

- Сот Баш прокуратуранын доо арызын канаттандырды 5 мүнөт мурун. Бирок биз аны тууралыгын талашып арызданабыз.

- Эгерде силердин пикириңерде Алмаз Атамбаев премьерликтен кетпегенде силердин ишиңер көбүрөөк өйдөлөйт беле, азыркыдай кыйынчылыктарга туш келбей, же айырмасы жок беле?

- Биринчиден, Алмаз Шаршенович премьер-министр болуп калсынбы, же биздин тизмени жетектесинби деп политсоветте талкуулаганбыз. Премьер-министр болуп туруп таза шайлоо өткөрөйүн, татыктуу эл колдогон партия келсин деп Алмаз Шаршенович премье- министр болуп калган.Тилекке каршы шайлоо бүткөнчө ал кишинги жумушунан алып таштады.

-Эгер ал ишинде калганда силерге жеңилирээк болот беле?

- Ал киши жумушунда калганда биздин партияга административдик ресурcтан жардам берген жок. Бирок бардык шайлоо таза болмок деп ойлойм. Эң негизгиси 20 миллион жөнүндө чечим 30 күндүн ичинде күчүнө кире турган болду. Ошон үчүн биздин партия шайлоого толук кандуу катышат жана мен биздин партия шайлоодо жеңип чыгат деп ишенем.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG