Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

УТРК “АТА МЕКЕНДИ” ТОРОЙ ЧАЛДЫБЫ?


“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев УТРКнын директорунун орун басары Эрнис Кыязовдун теле аркылуу айткандары жалгандыгын, бул шайлоо алдындагы эң кара технология экендигин айтып жатат. Жекшемби күнү УТРКдагы “Багыт” автордук берүүсүндө Эрнис Кыязов, Өмүрбек Текебаевдин уят сөз айтканын жалпы коомчулукка жар салып чыккан. Ал эми УТРКнын көркөм кеңеши Эрнис Кыязов журналисттик этиканы одоно бузду деген чечимге келип, аны “Багыт” теле берүүсүн алып баруудан четтетүүнү сунушташты. Бул окуя жарандык коомчулукта да талаш-тартыштарды жаратты.

Акыркы эки күн ичинде массалык маалымат каражаттарында, интернеттеги форумдарда жана эл арасында “эметип коём” деген сөз абдан популярдуу болуп, “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев чындап эле УТРКнын директорунун орун басары Эрнис Кыязовго ушундай сөздү айттыбы деген маселе талашка түштү. Медиа өкүл институтунун директору, УТРКнын көркөм кеңешинин мүчөсү Илим Карыпбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Эрнис Кыязов жакында эле кабыл алынган журналисттик этиканын бардык беренелерин одоно бузганын, өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып эфирди жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгонун билдирди:

- УТРК “Багыт” берүүсүнө байланыштуу чукул чогулуп, көрүп, чечим чыгардык. Биринчи чечимибизде, Эрнис Кыязов өзүнүн берүүсү менен биринчи кезекте жаңы кабыл алынган журналисттик этика кодексинин бүт бардык беренсин бузду дедик. Экинчиден, “Багыт” берүүсүн өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланды деген корутунду чыгардык. Анан ушул эле корутундуда Э.Кыязов “Багыт” берүүсүн алып баруудан четтетилсин деген чечим бар. Айта кетүүчү нерсе биз кабыл алган чечимдерди Мелис Эшимканов кабыл албай койсо, анда көркөм кеңештин мааниси деле жок болуп калат. Анда көркөм кеңеш формалдуу гана болуп, иштебей калат.

Сунуш катары чыгарылган УТРКнын көркөм кеңешинин бул чечимине анын 11 мүчөсү кол койгон.

Ошентсе да Эрнис Кыязов айткандары толук чын экендигин, абийирге тиешелүү сөз чыгып кеткендиктен аны ал жумшак формада гана теледе айтып коюну чечкендигин, Ө.Текебаевдин калпты аныктоочу детектордон өтүүнү сунуштаганына анча ынабай турганын, анткени адистер ал аппарат акты кара деп коюшу мүмкүн экендигин айтышканын билдирди:

- Оюндар болуп атат окшойт. УТРКнын ичинде жана сырттагы күчтөр киришип. Жаш баланы садага чаап шайлоодо пайдаланып калгылары келип атса керек. Анан көркөм кеңеш жыйынтыкка толук келди деп айтышка али эрте. Ал жерде юридикалык жана чыгармачылык жагдайлар бар. Көркөм кеңештин өзүнүн аткарчу жол жоболору бар. Ошол маселелер бузулган жагдайлар бар. Анан көркөм кеңештин баары эле мындай чечимге макул эмес.

Ал эми “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо Эрнис Кыязов айткан сөздөр чындыкка коошпой турганын, анын айткандары бурмаланып кеткенин, бул бийликтин кара технологиясы экендигин айтып жатат. “Мен муну укук коргоочулардын катышуусунда калпты аныктоочу детектордо далилдегенге даярмын”,- дейт Өмүрбек Текебаев. Анын партиялашы Өмүрбек Абдырахманов бул тууралуу буларга токтолду:

- Ушундай өкмөттүн монополиялык телесин колго алып алып, идеология менен эмес ушинтип адамдын өзүнө тийишип, калптардын бардыгын, уят сөздөрдүн бардыгын айтып, ушул пастыкка бийлик жетип калды деген ойдо болдук.

XS
SM
MD
LG